Валентина Анатольевна менен жолугушуу уюштуруп берүүсүн суранып небереси Аманатка телефон чалганымда, ал "таенемдин кимдин үйүндө экенин билип, анан кайра чалайын" деди. Анын мындай жообуна таң калган жокмун. Анткени каарманыбыздын учурда сегиз баласы, 30 небереси жана 28 чөбөрөсү бар экенин уккам.
Биз жолукчу күнү Валентина апа кызынын үйүндө экен. Барганыбызда эшикти өзү ачып, тосуп алды. Жашы 83кө келгенине карабай, күлүү-күчтүү, өз курагынан жаш көрүнөт. Маегибизге тоскоол болбосун деп сайып жаткан саймасын жыйнап да койду.
Анын жай отуруп, Ат-Башылык, орус тилин жөндөп билбеген жигитке кантип турмушка чыгып калгандыгы жөнүндө айтып берди.
— Жолдошуңуз менен кантип тааныштыңыз эле?
—Сиз кыргыз тилин, ал орус тилин билбесе, мамиле түзүү оор болгон жокпу?
— Сүйүп калсаң көп сөздүн кереги жок экен да (күлүп).
—Кыргызга келин болуудан чочулаган жок белеңиз? Кантсе дагы бөтөн эл, бөтөн каада-салт дегендей…
— Башында кыйынчылыкты ойлонгон жокмун. Эсимде, Ат-Башыга келин болуп барганда, март айы болчу. Күн суук, эркек кишилер ичик кийип алышкан. Үйгө киргенде бардыгы өтө жупуну көрүнгөн. Көрсө, жолдошумдун атасы мурунку жылы каза болуп, жаш балдары менен жалгыз калган кайненем кыйналып турган кези экен.
Мага баарынан да бурчтагы көшөгө киргизип коюшканы майдай жагып атты. Анткени тааныбаган кишилерге дароо аралаша албайт болчумун. Жаныма орусча билген жаш келинди отургузушуп, той башталды. Ал кирип-чыккандардын сөзүн мага которуп берип атты. Бир маалда боорсок менен бүкүлү бышып бирок кабыгы арчылган жумуртканы алып келип беришти. Карасам, графинде түбү каралжын тарткан суу турат. Көрсө, ал сууга эритилген кара туз экен. Жумуртканы бирөө арчып бергенине жийиркендимби же тузу жаккан жокпу, айтор, ал күнү ачка калгам. Эртеси күнү короого чыксам, киномеханик болуп иштеген кошунабыз келип калыптыр. Үй-бүлөбүз менен кыдырата тизилип, сүрөткө түштүк. Ошентип чыныгы турмуш башталды.
—Алгач кандай сыноолорго кабылдыңыз?
Бир күнү кайын сиңдилерин келип кайненемдин атын билер-билбесимди сурашты. Мен анын атын айтсам эле баарынын боору эзилип күлүп калышат. Көрсө, тергебегенимди шылдыңдап атышыптыр да. Ошентип кайни, кайын сиңдилерим менен аралашып жүрүп эле кыргыз тилин үйрөнүп алдым.
—Силердин үйлөнөбүз деген чечимиңерди ата-энелер кандай кабыл алды эле?
— Мен ата-энеме күйөөгө тиеримди айтпай эле кетип калгам. А кайненем кырс киши болчу. Жини келгенде мени "өлүгүңдү көрөйүн татар" деп урушчу. Ал кишинин кээ бир сөздөрү ушул убакка чейин кулагымда турат.
—Канча балалуу болдуңар?
— Жалпысынан төрт кыз, алты уулдуу болгонбуз, экөө кайтыш болуп кетти.
—Он баланы өз каалооңуз менен эле төрөдүңүзбү же жолдошуңуздун талабы мененби?
— Бизде эркек төрөбөгөн аял кандай "азап" тартаарын билесиңер да. Мен дагы ошентип башында удаасы менен төрт кыз төрөдүм. Улам бир кызым төрөлгөн сайын кайненем "кетиртем эле кетиртем" деп урушат. Ошентип, ал төртүнчү кызыма Бурулбек деген ат коюп салды. Анан эркек бала төрөлдү, кийин ага жолдош болсун деп дагы бирөө, анан дагы бирөө деп отуруп алты эркек төрөптүрмүн.
—Баса, менин туугандарым дагы Казакстандан келин алган. Ал жеңем төркүнүнө биринчи жолу 10 жылдан кийин барганын айтып калчу эле. Сизде андай болгон жок беле?
— Мен деле дал ушундой болгом. Эстесем, төркүнгө алгач 7-8 жыл өтүп, кыздарым чоңоюп калганда барыптырмын.
—Балдарыңыздын арасында орусча ысым берилгендери барбы?
— Жок, баардыгынын аты кыргызча. Эмнегедир ал жөнүндө ойлонбоптурмун.
—Жогорку окуу жайын бүтсөңүз, иштегенге убакыт болдубу?
— Ооба, өмүр бою Ат-Башыда орус мектепте иштедим. Жогорку класстарга орус тил, абадият сабагын берчүмүн. Ал кезде билим берүү күчтүү окшойт, балдарды 3-4-класска чейин эле орусча үйрөтүп коюшчу. Мектепте иштөө тоскоолдук жараткан жок. Пенсияга 1985-жылы чыктым.
—Жаш кезиңизде жолук салынып жүрчү белеңиз?
— Ооба, башыман жолук түшкөн жок. Анда айылда келиндин жолуксуз жүргөнү акылга сыйбаган көрүнүш эле да.
—Кыргызга турмушка чыкканыңызга өкүнүп же баарын таштап басып кетүүнү каалаган учурлар болду беле?
—Балдарыңыз эки тилде эркин сүйлөп чоңойсо керек?
— Ишенесиңерби, андай болгон жок. Балдарым баары кичине кезинде кыргыз тилин гана билишчү. Кийин чоңоюп, шаарга окуп, анан сүйлөй башташты. Азыр мени менен кыргызча, орусча аралаштырып сүйлөшүшөт.
—Биз келгенде сайма сайып жаткан экенсиз. Кыргызстанга келгенде үйрөндүңүз беле?
— Жок, сайманы кичинемде эле өздөштүрүп алгам. Биз жаш кезде үйдөгү кийим, жүк жапкычка сайма саюу мода болчу. Азыр чакан-чакан кылып саям, балдарым рамкага сүрөт сыяктуу кылып салып коюшат. Уулдарымдын бири былтыр менин саймаларымдын көргөзмөсүн өткөргөн. Азыр ар бир баламдын үйүндө менин эмгектерим илинип турат.