Өңү сары, көзү көк. Кыргызстанда жашаган байыркы енисейлик кыргыздардын сүрөттөрү

Жазылуу
Кыргыз тарыхындагы эң көрүнүктүү орун Енисей дооруна туура келет. Дал ушул мезгилде Улуу Кыргыз каганаты түзүлүп, ал 840-жылдан 920-жылга чейин созулган. Тарых булактарында енисейлик кыргыздардын өң-түспөлү көзү көк, чачы сары болгон деп сүрөттөлүп келет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхта жазылган Енисей кыргыздарына окшош өңү сары, көзү көк мекендештерибизди таап, сүрөт түрмөгүн даярдады.

© Sputnik / Жоомарт УраимовЛунара Айдаралиева, 16 жашта
Оштун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулган. Учурда Кант шаарында 10-класста окуйт. Окуудан сырткары комуз чертүү жана бийлөө менен алектенет. Лунара ким менен таанышпасын жүзүнө тигиле карап алгачкы кебин "көзүңүз эмнеге мындай жапжашыл?" деген суроо менен башташат дейт.
Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
1/15
Лунара Айдаралиева, 16 жашта
Оштун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулган. Учурда Кант шаарында 10-класста окуйт. Окуудан сырткары комуз чертүү жана бийлөө менен алектенет. Лунара ким менен таанышпасын жүзүнө тигиле карап алгачкы кебин "көзүңүз эмнеге мындай жапжашыл?" деген суроо менен башташат дейт.
© Sputnik / Табылды КадырбековТемирлан Нурланов, 20 жашта
Бишкек шаарында туулуп-өскөн. Түбү Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылы. Кыргыз экономикалык университетинин Каржы жана насыя факультетинде 4-курста окуйт. Темирланды бир көргөн адам кыргыз экенине ишене бербейт. Бала чагында көчөдө кыргызча сүйлөп, балдар менен ойноп жүргөндө ары-бери өткөндөр "карасаңар, орустун баласына кыргызча үйрөтүп коюптур" деп таң калышчу экен
Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
2/15
Темирлан Нурланов, 20 жашта

© Sputnik / Табылды КадырбековАяна Азиретова, 14 жашта
Чүйдүн Кемин шаарында туулган. Жалил Садыков атындагы № 1 орто мектепте 8-класста билим алат. Окуудан сырткары "Дэя" тобунда бийлейт. Аяна "көзүңдү боёп алдыңбы?" деген кепти көп угат. Ал "Атам кайненемдин көзү көк деп айта берчү экен. Акырында өзүнүн кызы, менин көзүм да ошондой болуп калды" деп тамашалады
Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
3/15
Аяна Азиретова, 14 жашта

© Sputnik / Табылды КадырбековАзим Бектурган уулу, 31 жашта.
Нарын шаарынын кулуну, жеке ишкер. Ал таякелерин тартканын айтат. Аны орус экен деп жашыруун сырларын айтып алып "оозу күйгөндөр" көп болот . "Такси айдап иштеп жүргөндө унаага эки келин түштү. Бир убакта эле бири-бирине сырын төгүп, көңүлдөштөрүнө чейин айтып жиберишти. Ошол убакта мага бирөө телефон чалып, кыргызча сүйлөшүп калдым. Уялганынан кыпкызыл болуп кеткен аялдар үн-сөзү жок, таксини ошол жерден токтотуп, түшө качышкан" деп айтып берди
Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
4/15
Азим Бектурган уулу, 31 жашта.

© Sputnik / Табылды КадырбековБермет Алишева, 25 жашта
Бишкек шаарында төрөлгөн. Балдарды коргоо борборунда коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси. Үй-бүлөсүндө жалгыз гана Берметтин көзү көк, өңү сары болуп калган. Ал бир туугандардын улуусу. "Мен туулгандан кийин төрөт үйүнөн чыгарып жатканда дарыгерлер атамдын колуна карматышат. Көзүм жалтырап көгөрүп турганын көргөн соң, апама башка бирөөнүн кызы менен алмаштырып алган жоксуңбу деп таң калыптыр" деп күлдү. Себеби, анын башка туугандарынын баары кара тору экен
Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
5/15
Бермет Алишева, 25 жашта

© Sputnik / Табылды КадырбековАйкын Турдукулов, 12 жашта
Таластын Талас облусуна караштуу Көк-Токой айылынын кулуну. Учурда Бишкектеги №12 окуу-тарбия берүү комплексинде 6-класста окуйт. Сүрөт ийримине абдан кызыгуу менен катышат
Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
6/15
Айкын Турдукулов, 12 жашта
Таластын Талас облусуна караштуу Көк-Токой айылынын кулуну. Учурда Бишкектеги №12 окуу-тарбия берүү комплексинде 6-класста окуйт. Сүрөт ийримине абдан кызыгуу менен катышат
© Sputnik / Табылды КадырбековАлия Омурова, 5 жашта
Бишкек шаарында туулган. Түбү Сокулук районун Асыл-Баш айылы. Алиянын келбети атасына окшош
Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
7/15
Алия Омурова, 5 жашта
Бишкек шаарында туулган. Түбү Сокулук районун Асыл-Баш айылы. Алиянын келбети атасына окшош
© Sputnik / Табылды КадырбековЗамирбек Бекбоев, 32 жашта
Токмок шаарында туулган, жеке ишкер. Кайсы жерде жүрбөсүн орус же татарга окшоштуруп орус тилинде кайрыла беришет экен. Аларга кыргызча жооп берсем ыңгайсыз абалда калышат дейт. Ал ата-тегинде ушундай өңү сары, көзү көк адамдар болгонун айтат
Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
8/15
Замирбек Бекбоев, 32 жашта
Токмок шаарында туулган, жеке ишкер. Кайсы жерде жүрбөсүн орус же татарга окшоштуруп орус тилинде кайрыла беришет экен. Аларга кыргызча жооп берсем ыңгайсыз абалда калышат дейт. Ал ата-тегинде ушундай өңү сары, көзү көк адамдар болгонун айтат
© Sputnik / Табылды КадырбековБермет Нурланова, 27 жашта
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылында жарык дүйнөгө келген. Жусуп Баласагын атындагы КУУнун филология факультетинин бүтүрүүчүсү. Учурда балдар бакчасында тарбиячы. Үй-бүлөсүндө атасынын да өңү сары болгондуктан апасы менен жанаша бара жатышса, "оруска турмушка чыгыптыр" деп карашчу экен. Апасы кара тору болгону менен бир туугандарынын баары сары, көздөрү көк болуп төрөлгөн
Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
9/15
Бермет Нурланова, 27 жашта

© Sputnik / Табылды КадырбековАскат Кыштообек уулу, 22 жашта
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айылында туулган. Учурда Бишкекте ашпозчу болуп иштейт. Ага айылдаштары Иван деген каймана ат берсе, кийин шаарга келгенде Алёша, Пушкин деген ысымдарга ээ болгон
Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10/15
Аскат Кыштообек уулу, 22 жашта
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айылында туулган. Учурда Бишкекте ашпозчу болуп иштейт. Ага айылдаштары Иван деген каймана ат берсе, кийин шаарга келгенде Алёша, Пушкин деген ысымдарга ээ болгон
© Sputnik / Табылды КадырбековАйдана Омурова, 8 жашта
Бишкек шаарында туулган. Түбү — Сокулук районунун Асылбаш айылы. Борбор калаадагы № 64 мектептин 2-классынын окуучусу
Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11/15
Айдана Омурова, 8 жашта
Бишкек шаарында туулган. Түбү — Сокулук районунун Асылбаш айылы. Борбор калаадагы № 64 мектептин 2-классынын окуучусу
© SputnikЧыңгызбек Самудунов, 5 жашта
Бишкек шаарында туулган. Түбү — Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылы. Чыңгызбектин келбети чоң атасына өтө окшош
Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12/15
Чыңгызбек Самудунов, 5 жашта
Бишкек шаарында туулган. Түбү — Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылы. Чыңгызбектин келбети чоң атасына өтө окшош
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаркынай Алымова, 20 жашта
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин 4-курсунун студенти, "Аян" телеканалында иштейт. Жаркынай айылдын жалгыз сары кызы болгон. Аны азырга чейин жердештери "сары кыз" дешет экен
Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13/15
Жаркынай Алымова, 20 жашта
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин 4-курсунун студенти, "Аян" телеканалында иштейт. Жаркынай айылдын жалгыз сары кызы болгон. Аны азырга чейин жердештери "сары кыз" дешет экен
© Sputnik / Табылды КадырбековНурмат Кубанычбек уулу, 27 жашта
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылында туулган. Түпкү теги Нарындын Кочкор району. Ал келбети чоң атасына окшош болгонун айтат. Бала кезинде "Көк көз" атка конгон экен. "Айылга жаңы көчүп барганбыз. Атам кошунабыз менен таанышып жатып кичине кызынын атын сураса, Кара көз деди. Анан атам "менин уулумдун аты "Көк көз" деп күлүшкөн" дейт
Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14/15
Нурмат Кубанычбек уулу, 27 жашта
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылында туулган. Түпкү теги Нарындын Кочкор району. Ал келбети чоң атасына окшош болгонун айтат. Бала кезинде "Көк көз" атка конгон экен. "Айылга жаңы көчүп барганбыз. Атам кошунабыз менен таанышып жатып кичине кызынын атын сураса, Кара көз деди. Анан атам "менин уулумдун аты "Көк көз" деп күлүшкөн" дейт
© Sputnik / Табылды КадырбековАида Акматалиева, 21 жашта
Бишкек шаарында туулуп өскөн. Атасы Нарындан, апасы Ысык-Көлдөн болот. Учурда Кыргыз-түрк "Манас" университетинин психология факультетинин 2-курсунун студенти. Ага линза тагып алдыңбы деген суроо эң көп берилет. Келбети апасына окшош экенин айтат
Портреты зеленоглазых кыргызов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15/15
Аида Акматалиева, 21 жашта
Бишкек шаарында туулуп өскөн. Атасы Нарындан, апасы Ысык-Көлдөн болот. Учурда Кыргыз-түрк "Манас" университетинин психология факультетинин 2-курсунун студенти. Ага линза тагып алдыңбы деген суроо эң көп берилет. Келбети апасына окшош экенин айтат
Жаңылыктар түрмөгү
0