Депутат журналистти "келесоо" дей алабы? Эл өкүлдөрүнүн пикири

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание депутатов Жогорку Кенеша
Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү Sputnik агенттигинин кабарчысы ЖК депутаты Тазабек Икрамовдон айдоочусуна байланышкан чуу боюнча кандай жыйынтык чыкканын угуу үчүн телефон чалып, өз дарегине "келесоо" деген сөз укту.

Окуянын чоо-жайына токтоло кетсек, 20-сентябрь күнү Бишкектин чок ортосунда Lexus LX 570 (мамлекеттик номери 02KG 570 AAA) унаасынын айдоочусу менен жол инспекторунун ортосунда пикир келишпестик чыккан. Окуяга күбө болгон Sputnik агенттигинин кабарчысына айдоочу тап берип, телефонун тартып алууга аракет кылган. Ошол эле маалда айдоочу жол инспекторлоруна атырылып, бирөөнү жулкулдаткан. Кабарчы депутатка айдоочусуна кандай чара көрүлгөнүн билүү үчүн телефон чалса, кайра өзүн "келесоо" деп урушкан

Мындан улам редакция парламенттин азыркы жана мурдагы чакырылыштарынын айрым депутаттарынын бул окуя боюнча пикирин укту.

Элвира Сурабалдиева, VI-чакырылыштын депутаты: 

© Sputnik / Табылды КадырбековVI-чакырылыштын депутаты Элвира Сурабалдиева
Депутат Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
VI-чакырылыштын депутаты Элвира Сурабалдиева

— Кесиптештеримди сындабайм. Бирок депутат бул жерден адашып калыптыр. Шоопуруна ачууланып, аны деле урушту болуш керек. Икрамов айдоочулары катышкан видеону көрдүм. Эгер ал монтаждалган эле болбосо, айдоочулар милиционерге карата өтө одоно мамиле кылганы көрүнүп турат. Мага милиция кызматкерине кол салганга чейин барса дагы Бишкек ШИИБинин жетекчилиги, ИИМ унчукпай отурганы түшүнүксүз болуп жатат. Анан кантип милициянын кадырын көтөрүп, коррупция менен күрөшөбүз деп жатышат?! Бир канча жылдан бери жасалган рефомалар эмнеге жылбайт деген суроого эми жооп алдым. Депутат эмес, анын шоопуру ушинтип эркелеп жатса, карапайым элге кандай үлгү болобуз? Албетте ар бир адамдан кемчилик кетет. Бирок ошол жерден күнөөсүн мойнуна алып, жол инспекторунан кечирим сурап койгондо иш бүтмөк.

Айнуру Алтыбаева, VI-чакырылыштын депутаты: 

© Sputnik / Табылды КадырбековVI-чакырылыштын депутаты Айнуру Алтыбаева
Депутат VI созыва ЖК Айнуру Алтыбаева - Sputnik Кыргызстан
VI-чакырылыштын депутаты Айнуру Алтыбаева

— Албетте депутаттын антип айтканы туура эмес, бирок мен Тазабек Икрамовду абдан сыйчыл, сылык адам катары билем. Антип сүйлөп койгонуна таң калып жатам. Балким атайын эмес, капысынан, эмоцияга алдырып оозунан чыгып кетиши мүмкүн. Журналист экөө жигитче сүйлөшсө, депутат кечирим сурайт болуш керек. Эгер журналист аны каалабаса, парламенттин этика маселелерин караган комитетине кайрылса болот.

Исхак Масалиев, VI-чакырылыштын депутаты: 

© Sputnik / Табылды КадырбековVI-чакырылыштын депутаты Исхак Масалиев
Депутат Исхак Масалиев - Sputnik Кыргызстан
VI-чакырылыштын депутаты Исхак Масалиев

— Депутат деле адам да, ар кимдин өз кыялы бар дегендей. Бирок эл өкүлү болгондон кийин бир аз сабырдуулук көрсөтүп, ачууга алдырбаш керек болчу. Чет өлкөдө депутаттар мушташып, бири-биринин көзүн көгөртүшөт. А биз бир аз катуу сүйлөп койсо таарынып, аябай назик болуп кеттик го.

Ташполот Балтабаев, V-чакырылыштын депутаты: 

© Фото / пресс-служба ЖКV-чакырылыштын депутаты Ташполот Балтабаев
Бывший депутат ЖК Ташполот Балтабаев - Sputnik Кыргызстан
V-чакырылыштын депутаты Ташполот Балтабаев

— Анын эмнесин менден сурайсыңар? Баары эле түшүнүктүү болуп турбайбы. Бул абдан орой сөз, аны депутат эмес, карапайым кишинин деле айтканы туура эмес.

Алиярбек Абжалиев, VI-чакырылыштын депутаты: 

© Sputnik / Табылды КадырбековVI-чакырылыштын депутаты Алиярбек Абжалиев
Депутат Абжалиев Алиярбек - Sputnik Кыргызстан
VI-чакырылыштын депутаты Алиярбек Абжалиев

— Мен бул окуя менен тааныш болбогондуктан, ак же көк деп айта албайм. Негизи ким болбосун бирөөгө жаман сөз айтып, акарат келтирүүгө акысы жок. Чындап эле ошентип айткан болсо, бул кылганы туура эмес болуп калыптыр. Бирок мен журналисттерди дагы бирөөнүн жаман жактарына көбүрөөк көңүл бурбай, жакшы жагына басым жасагыла деп чакырар элем.

Феликс Кулов, легендарлуу парламенттин депутаты: 

© Sputnik / Табылды КадырбековЛегендарлуу парламенттин депутаты Феликс Кулов
Круглый стол по вопросу введения поправок в Конституцию - Sputnik Кыргызстан
Легендарлуу парламенттин депутаты Феликс Кулов

— Бул окуя парламенттин этика комитетинде каралышы керек. Анткени, депутат мындай орой сөздү ЖМК өкүлүнүн дарегине айтып жатат. Эгер өзүнүн жакын таанышы, жеке мамилеси бар бирөөгө айтса, эч кимдин иши болмок эмес. Журналист аткаминер тарабынан кылынган ар кандай көрүнүштөрдү элге көрсөтүүгө укуктуу. Депутат кечирим сурасын деп сунуштоо керек. Эгер ал көкбеттенип туруп алса өзүнө эле жаман.

Данияр Тербишалиев, V-чакырылыштын депутаты: 

© Фото / пресс-служба ЖК КРV-чакырылыштын депутаты Данияр Тербишалиев
Депутат ЖК КР Данияр Тербишалиев - Sputnik Кыргызстан
V-чакырылыштын депутаты Данияр Тербишалиев

— Негизи бизде саясий маданиятты көтөрүү зарыл. Бирок эл кимди шайласа, ошонун "кызматын" көрүп жатат. Ошол үчүн шайлоонун алдында партиялар сунуштаган тизмени жакшылап караш керек. Ал эми партиянын өз катарына талапкер тандоо үчүн моралдык кодекси болуусу шарт. Балким Икрамов ошол мүнөттөрдө маанайы жок, же стресстик абалда болушу мүмкүн. Бирок бул нерсе менен ал актана албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0