Сумочулар Ысык-Көлдө кантип күч сынашты. Эң кызыктуу кармаштардын видеосу

Жазылуу
Быйыл сумо оюну Көчмөндөр оюндарынын программасына биринчи ирет киргизилди.

Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюндарынын дүйнөлүк үчүнчү оюндарына кирген сумо боюнча мелдеш аяктады. Жалпысынан 14 мамлекеттен келген 18 спортчу катышты. Катышуучулардын бардыгы өз мамлекеттеринин чемпиондору.

Чемпионат Республики Алтай по национальной игре Кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү: Алтай командасы кыргыз улакчылары менен беттешүүгө чыкпай койду
Кыргызстандын намысын Азия чемпионатынын байге ээси Алмаз Эргешов коргоду. Ал абсолюттук салмак категориясы (115 салмактан жогору) боюнча ат салышты. Балбан Өзбекстан менен Индиянын спортчуларын утуп, андан кийин россиялык балбандарга алдырып койду. 

Мелдештин жыйынтыгында биринчиликти Краснодардан келген Монгуш Айдын ээлесе, экинчи орунга Монгуса Морген (Хакасия, Россия) татыды. Үчүнчү орунду Япониядан келген Суисаки Исуки менен Тывадан келген Түлеш Сайын-Белек алды.

Алтын медаль алганга 75 миң сом акчалай сыйлык каралса, күмүш үчүн 35 миң сом, коло үчүн 17,5 миң сом ыйгарылат.

Сумо спорту Кыргызстандан 1990-жылдардан тарта өнүгө баштаган. Атамекендик спортчулар Азия чемпионаттарында беш коло байге алган. Андан сырткары, эл аралык башка мелдештерден күмүш жана коло байгелерге татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0