00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Без салютов и петард: почему кыргызстанцев просят отказаться от пиротехники
08:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кунарсыз жерлерди калыбына келтирүү долбоору — мигранттар үчүн ийгиликтүү боло алабы?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Улуттук академиялык драма театрынын чыгармачылык саясаты жана өнүгүү багыттары
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
ЕАЭБдин эркин экономикалык зонасы. Ири экономикалуу өлкөлөрдү эмнеси менен өзүнө тартат?
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Тоолуктардын ден соолугун бөлүп изилдеген институт 70 жыл мурда эле түзүлгөн
19:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Көккө ыргыган спортчу, жашыган эне. Азиададан келген балбандардын видеосу

Жазылуу
Жайкы Азия оюндарына катышкан Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы мекенине кайтып келди. Аларды тосуп алуу аземи "Ак-Жол" чек ара бекетинде болду.

Спортчуларды жеңиши менен куттуктоо үчүн Президенттик апарататтын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, туугандары жана күйөрмандары барды.

Азия оюндарынан коло медаль тагынган Амантур Исмаиловдун апасы Мээржан Рыспаева уулун тосуп алуу үчүн атайын Жалал-Абад шаарынан келген. Эненин сүйүнүчүндө чек жок, кубанычы койнуна батпай көзүнө жаш тегеренип турду.

"Жолдун алыстыгына карабай атайын кенже уулум экөөбүз келдик. Балам буга чейин өлкө ичинде жеңишке кеткени менен эл аралык, дүйнөлүк мелдештери ийгиликсиз болуп жаткан. Биринчи медалын ушундай ири мелдештен утканына абдан сүйүнүп жатабыз. Күрөшүп жатканда аябай толкунданып, жеңилсе ызаланып көрүп отурдук. Токио олимпиадасынан кайтканда ушинтип тосуп алууну Кудай насип кылсын", — деди Рысбаева.

Амантур Исмаилов 3-классынан тарта спорт менен машыгып баштаган. Ошондон талбай аракет кылып, Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебине тапшырган.

"Башында кой дегениме карабай катышып жүрдү. Оштогу бир мелдешке мага айтпай качып кетип биринчи орунду алып, килем көтөрүп келген. Андан кийин Нарынга барып экинчи орунга жетип 1500 соом алып келди. Атасы ооруп жатканда Амантур Кыргызстандын чемпионатына катышып "Спорт чебери" наамын алганын угуп абдан сүйүндү эле. Бирок ал күбөлүгүн алып барганга чейин көзү өтүп кетти. Ошондо атасы ийгилигин көрбөй кеткенине аябай ызаланган", — деп жашып жиберди спортчунун энеси.

Амантур Исмаиловдун өзүн кепке тартканыбызда жеңишин эң биринчи кезекте апасына, андан соң машыктыруучулары менен кыргыз элине арнай турганын айтты.

Күрөш федерациясын вице-президенти Мелис Турганбаев Азиададан күрөштөн 8 медаль утуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болгонун белгиледи. Ошондой эле ал кийинки оюндарда алтынга жетүүнү убадалады.

Азиадада алтын уткан Багынбай уулунун сүйүнүчү, жеңиши, рахматы... Видео - Sputnik Кыргызстан
Азиадада алтын уткан Багынбай уулунун сүйүнүчү, жеңиши... Видео
Ал эми Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев  Кыргызстан спорттун алты түрү — эркин күрөш, грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика жана бокстан үмүт арткандыгын айтты.

18-августт башталган Жайкы Азия оюндары Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында  2-сентябрга чейин уланат. Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтсө, анын 32си олимпиадалык, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү. Жалпысынан 481 медаль ойнотулат.

Ал эми кыргызстандан 150дөй жаран спорттун 28 түрү боюнча күч сынашуу үчүн аттанган (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес оюндар).

Кыргызстандын байге куржунунда учурда 10 медаль бар. Балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөштөн төрт күмүш, төрт коло уткан. Ал эми оор атлетикадан Иззат Артыков коло медаль тагынса, жиу-житсучу Төрөкан Багынбай уулу кечээ, 24-августта алгачкы алтынды алып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0