Футбол — 2018: тайпалык этаптан эсте калган ирмемдер

© REUTERS / Dylan MartinezФутбол. ЧМ-2018. Матч Республика Корея - Германия
Футбол. ЧМ-2018. Матч Республика Корея - Германия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык этабы аяктады. Бир гана футбол эмес, жалпы спорт күйөрмандарынын бүйүрүн кызыткан биринчилик жогорку деңгээлде өтүп жатат. Күйөрмандарды сүйүнткөн да, күйүнткөн да мелдештин эң кызыгы али алдыда болгону менен тайпалык оюндар да эсте калаарлык окуялар менен аяктады.

Күчтүү делген мурдагы дүйнө чемпиону үмүттү актабай жарым жолдо үйүнө кайтса, ийгилик жаратпайт делген бир топ курамалар плей-оффко жолдомо алды. Стадиондогу футбол ышкыбоздорунун жарымы кубанычтан, жарымы күйүттөн көз жаш төктү. Айрым фанаттар үйлөрүн сатып Россияга келсе, айрымдары велосипед менен бир нече жыл мурун бул өлкөгө карай жолго чыккан. Ал эми "Месси күчтүүбү же Роналдубу" суроосунун чечилүүсүнө да аз калган сыяктуу. Булардын баары акыркы 15 күндө Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында болгон кызыктуу окуялардын бир чети гана.

Россиянын тарыхый ийгилиги

Чемпионатка үй ээси катары түз жолдомо алган Россияга башында жада калса орус күйөрмандары да ишене берген эмес. Станислав Черчесов машыктырган курамага ачуу сындар көп айтылып, алардын тайпадан чыгуусу күмөн маселеге айланган эле. Россия СССР урагандан бери үч жолу дүйнөлүк чемпионатка катышып, үчөөндө тең тайпадан ары өткөн эмес. Бул жолу үй ээси мелдешти ийгиликтүү баштап, алгач Сауд Арабияны 5:0, андан соң бул жылдын эң мыкты футболчуларынын бири ойногон Египетти 3:1 эсебинде жеңди. Акыркы беттеште Уругвайга жеңилгенине карабай кийинки турга өтүп, эми Испания менен жолукканы турат. Алдыдагы оюн кандай бүтпөсүн, Россиянын дүйнө чемпионатында мурда болуп көрбөгөндөй ийгилик жаратканы талашсыз.

Португалияны "сүйрөгөн" Роналду

© Sputnik / Михаил Сербин / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Иран - Португалия
Футбол. ЧМ-2018. Матч Иран - Португалия - Sputnik Кыргызстан
Футбол. ЧМ-2018. Матч Иран - Португалия
Дүйнөнүн эң күчтүү футболчуларынын бири Криштиану Роналду үчүн бул чемпионат өтө жогорку деңээлде башталды. Ал алгачкы оюнунда күчтүү делген Испанияга каршы үч гол киргизип, беттештин тең чыгуу менен аяктоосуна себепкер болсо, андан кийин Марокконун дарбазасына кирген гол да Роналдуга таандык. Ошентип футболчу Португалиянын плей-оффко өтүүсүнө чоң эмгек жасады. Эгер ал ушундай ийгилигин уланта берсе, жыл аягында дагы бир жолу "Алтын топ" сыйлыгын алаары турган иш. Португалия кийинки оюнун Уругвай менен өткөрөт.

Жүрөгүбүздүн жеңүүчүлөрү

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Марокко - Иран
Футбол. ЧМ-2018. Матч Марокко - Иран - Sputnik Кыргызстан
Футбол. ЧМ-2018. Матч Марокко - Иран
Ар бир эле футболдук чемпионатта күйөрмандардын купулуна толгон, бирок кандайдыр бир себептерден улам ийгилик жарата албаган курама командалар болот. Алар тайпадан чыга албаса да көрсөткөн кооз оюну менен көпчүлүктүн колдоосуна татыйт. Россиядагы чемпионатта да бир топ команда көрүүчүлөрдүн ыраазычылыгын алды. Алар — В группасындагы Иран, Марокко, С тайпасындагы Перу, D тайпасында Аргентинага каршы эр жүрөк оюн көрсөткөн Нигерия жана плей-офф үчүн аягына чейин күрөшкөн Н тайпасындагы дагы бир Африканын өлкөсү Сенегал.

Аргентина менен Мессинин кайрадан жаралышы

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Нигерия - Аргентина
Футбол. ЧМ-2018. Матч Нигерия - Аргентина - Sputnik Кыргызстан
Футбол. ЧМ-2018. Матч Нигерия - Аргентина
Футболдук байгелердин дээрлик баарына ээ болгон Лионель Месси үчүн бир гана аткарылбаган максат бар. Ал — футбол боюнча дүйнө чемпиону аталуу. Эгерде Мессинин бул тилеги ишке ашса, ал 1986-жылы Аргентинага алтын алып келген белгилүү Диего Марадонадан да ашып түшмөкчү. Бирок 31 жаштагы футболчу үчүн бул чемпионат жаман түштөй эле башталды. Аргентина биринчи оюнунда Исландия менен тең чыкса, андан кийин Хорватияга 3:0 эсебинде утулуп уят болду. Бул эки оюнда тең Месси командасына жардам бере алган жок. Мындан улам футбол серепчилери Мессинин "дүйнөнүн эң күчтүү футболчусу" наамына татыктуу эместигин айта башташты. Бирок баарын Нигерия менен болгон акыркы оюн өз ордуна койду сыяктуу. Голливуд тасмасындай эле элес калтырган чечүүчү оюнда Аргентина атаандашын 2:1 эсеби менен жеңди. Ал эми Месси сынчылардын баарына жооп иретинде чемпионаттын эң кооз голдорунун бирин киргизди. Ошентип кечээ эле баары үмүтүн үзгөн Аргентина алтынга карай сапарын улады.

Азия менен Африка үчүн кыйын турнир

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Япония - Польша
Футбол. ЧМ-2018. Матч Япония - Польша - Sputnik Кыргызстан
Футбол. ЧМ-2018. Матч Япония - Польша
Негизи эле бул эки материктин өлкөлөрү футбол боюнча дүйнө чемпионаттарында жарытылуу ийгилик жарата элек. Эң жогорку чек — 2002-жылы Түштүк Корея ээлеген төртүнчү орун. Бул жолу да чемпионатка Азия менен Африкадан жалпысынан 10 курама катышса, алардын ичинен Япония гана тайпасынан чыга алды. Азиянын таламын талашкан Түштүк Корея, Австралия, Иран жана Сауд Арабия үйлөрүнө кайтты. Ал эми Африканын бардык курама командалары — Тунис, Сенегал, Нигерия, Марокко жана Египет ийгилик көрсөтө алышкан жок. Эми эки континенттин чемпионаттагы жалгыз командасы болгон Япония 1/8 финалда Бельгия менен ойнойт.

Үйүнө кайткан дүйнө чемпиону

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Германия - Мексика
Футбол. ЧМ-2018. Матч Германия - Мексика - Sputnik Кыргызстан
Футбол. ЧМ-2018. Матч Германия - Мексика
Турнир башталганга чейин көпчүлүк күйөрмандар арасында Германия чемпиондугун коргоп калат деген ой басымдуу болгон. 2014-жылы Бразилияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль тагынган немистер өзүнө көбүрөөк ишенип алгандай элес калтырды. Бирок дүйнөнүн төрт жолку чемпиондору татыктуу жазасын да алышты. Таланттуу футболчуларга толгон курама команда F тайпасында акыркы орунду алып, тарыхта биринчи жолу плей-оффко өтпөй калды. Германия алгачкы беттеште Мексикага 0:1 эсебинде жеңилип, экинчи оюнда Швецияны акыркы мүнөттөгү Тони Кроостун голу менен жеңди. Акыркы чечүүчү оюнда Түштүк Кореяга 0:2 эсебинде утулуп, турнир менен эрте кош айтышты. Эми немистерди төрт жыл мурун чемпиондукка жеткирген машыктыруучу Йоахим Лёвдун кызматынан кетери айтылууда.

Тазалыкты сүйгөн япондор, картондон жасалган мексикалык күйөрман

Россия чемпионат өткөн бир ай ичинде дүйнөнүн төрт тарабынан келген күйөрмандарды коноктойт. Алгачкы 15 күн ичинде футбол ышкыбоздорунун бүт дүйнөнү таң калтырган бир нече окуялары болуп өттү. Мисалы, Япония жана Сенегалдын күйөрмандары ар оюн бүткөндөн кийин стадиондо калып, таштандыларды тазалап жатышты. Алардын бул үлгүлүү иш-аракети дүйнө коомчулугунун алкышына татыды. 

© Youtube / O FutebolЯпонские болельщики убрали за собой мусор на стадионе в Саранске. Видео
Японские болельщики убрали за собой мусор на стадионе в Саранске. Видео - Sputnik Кыргызстан
Японские болельщики убрали за собой мусор на стадионе в Саранске. Видео

Ал эми мексикалык Хавьер аттуу жигиттин картондон жасалган сүрөтү өз өлкөсүнүн дүйнөлүк чемпионаттагы символуна айланды. Окуя мындайча болгон. Мексикалык достор өз курама командасын колдоо үчүн Россияга сапар алышат. Бирок достордун бирин жубайы жөнөтпөй коёт. Ага алымсынбаган достор үйүндө калган Хавьердин сүрөтүн картонго түшүрүп, ага "мени кемпирим жөнөтпөй койду" деп жазып, Россияга алып келишет. Жаңы "Хавьер" дароо эле дүйнөлүк басылмалардын көңүлүн өзүнө буруп, чемпионаттын эң белгилүү күйөрманына айланды. Популярдуулугу арткан картон–күйөрмандын сүрөтү бүт интернетти каптады. Мындан улам Хавьердин жубайынын жүрөгү жибип, акыры анын Россияга баруусуна уруксатын берет. Ошентип бир нече күндөн кийин чыныгы Хавьер досторунун катарына кошулган. 

Ал эми аргентиналык Матиастын Россияга келүүсү беш жылын алган. Анткени ал башкаларга окшоп унаа же учак эмес, велосипед менен жолго чыккан. Матиас жалпысынан 80 миң чакырым жол жүрүп, 37 өлкөнү басып өткөн. Эми ал Россиядагы турнир аяктаган соң 2022-жылы Катарда өтө турган футболдук чемпионатка катышуу үчүн велосипедин камдап жатат. 

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБолельщики перед матчем ЧМ-2018 по футболу между сборными Австралии и Перу
Болельщики перед матчем ЧМ-2018 по футболу между сборными Австралии и Перу - Sputnik Кыргызстан
Болельщики перед матчем ЧМ-2018 по футболу между сборными Австралии и Перу

36 жылдан бери биринчи жолу дүйнөлүк чемпионатка катышууга жолдомо алган Перунун күйөрмандары үчүн Россиядагы мелдеш чыныгы майрамга айланган. Учак билети, мейманкана акчасы үчүн алар 10 миң долларга жакын каражат сарпташкан. Мындан улам футбол ышкыбоздору жылдык маянасын топтоп, ал эле эмес, үйлөрүн, унааларын сатканга чейин барышкан. Бирок, тилекке каршы, Перу өз тайпасынан чыга албай калды.

Эки ача ойго салган VAR системасы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Швейцария - Коста-Рика
Футбол. ЧМ-2018. Матч Швейцария - Коста-Рика - Sputnik Кыргызстан
Футбол. ЧМ-2018. Матч Швейцария - Коста-Рика
Россиядагы чемпионат VAR системасы (видео көзөмөл) колдонулган алгачкы дүйнөлүк биринчилик катары тарыхта калды. Мурда футболдук оюнду төрт калыс тейлесе, эми аларга дагы төртөө кошулду. Алардын иши — оюн убагындагы талаштуу аракеттерди видео аркылуу көрүү. Видео-калыстар оюн учурунда көз жаздымда калган окуяларды жакшылап изилдеп, башкы калыска жеткирип турушат. Бул турнирде калыстар VAR системасын колдонуп бир топ чечим чыгарышты. Мындан улам пенальтилердин саны көбөйдү. Бирок бул система футбол ааламын экиге бөлдү. Бир тарап VAR футболдо адилеттүүлүктүн орноосуна жардам берет десе, экинчи жак мындан ары оюндардын кооздугу жоголот деп кабатырланууда.

Хорватиянын "алтын мууну"

© Sputnik / Михаил Сербин / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Аргентина - Хорватия
Футбол. ЧМ-2018. Матч Аргентина - Хорватия - Sputnik Кыргызстан
Футбол. ЧМ-2018. Матч Аргентина - Хорватия
Хорватия D тайпасында Аргентина, Нигерия жана Исландияны артта калтырып биринчи орунду ээледи. Алар Аргентинаны 3:0 эсебинде жеңип, турнирдин эң кооптуу курамаларынын бири экендигин далилдешти. Хорваттардын акыркы ийгилиги 1998-жылы болгон. Францияда өткөн биринчиликте коло медалды тагынышкан. Эми минтип Россияда да дагы бир жолу керемет жаратууну көздөп жатышат. Күйөрмандар көптү күткөн "алтын муунга" — коргоочулар Деян Ловрен, Ведран Чорлука, Шиме Врсалько, жарым коргоочулар Иван Ракитич, Лука Модрич, Матео Ковачич жана чабуулчу Марио Манджукич кирет. Андыктан бул кураманы жарым финалда көрүү кыялы өтө деле аша чапкандык болбойт. Алардын плей-оффто алгач Дания курамасы менен беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0