Оюн башталган күндөн тарта көрүүчүлөр КТРК спорт каналынын баяндамачыларынын ишине баа берип да, ошол эле учурда сын пикирлерди айтып жатат. Бул тууралуу телеканалдын директору Илим Карыпбеков да пикирин айткан болчу.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги аталган каналдын баяндамачыларын кепке тартып, дүйнө чемпионатына болгон даярдык, кызматкерлердин сындарга карата пикири, дегеле ишмердүүлүгү тууралуу маек курду.
24 жаштагы Нурсултан Турусбеков кыргыз тилинде баяндаса, 28 жаштагы Азирет Абдраимов орусча алып барат.
— Мүмкүн болсо маектин негизги бөлүгүнө кое туруп өтөлү, азыр өзүңүздөр тууралуу сурагым келип турат. Спорт тармагында иш алып барып калышыңыздарга эмне түрткү болду?
Нурсултан Турусбеков: — КТРКнын Спорт каналына эки жылдан мурда кастинг аркылуу келгем. Биринчи жолу футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатын баяндадым. Бара-бара ири мелдештерге өттүм. Карьерамдагы ири мелдеш — Риодо өткөн Олимпиада оюндары болду.
Азирет Абдраимов: — Каналга 1,5 жыл мурда келдим. Агезде байкем экөөбүз Францияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатын көрүп отурганбыз. Агам "сенде үн деген бар, футболду да мыкты билесиң, күчүңдү сынап көрбөйсүңбү" деди. Каналдын өкүлдөрү менен жолуктум. Кыязы жаксам керек, дароо эле түз эфирдеги чемпиондор лигасынын мелдешин баяндадым.
— Баяндамачылыктан сырткары кандай программаларды алып барасыздар? Спорт журналистикасында ар тараптуу болгон жакшы, бирок кайсы спортту чагылдыруу көбүрөөк жагат? Ошол эле учурда түшүнүүгө оор болгону кайсы?
Н.Т:. — Ар спорттун башын кошкон "Тайм-Аут" автордук көрсөтүүм бар, "Арена" программасын алып барам, мындан тышкары репортаж, сюжет, жаңылык даярдайбыз. Бардык спорт түрлөрүн чагылдырганга аракет кылам. Бөтөнчө күрөш менен ММАге абдан кызыгам. Мен үчүн экзотикалык спорттун түрлөрүнөн материал жасоо кыйын.
А.А:. — Учурда "Арена", "Pro Бокс" берүүлөрүн алып барам, журналистиканын бардык жанрында материал жасоого аракет кылам. Бирок жакшы көргөндөрүм — бокс менен футбол. Муз үстүндө бийлөө менен көк бөрүнү жөндөй албай жүрөм.
— Кыргызстанда баяндамачылык боюнча окуу жайларда бөлүмдөр же атайын курстар жок. Сиздер кантип тажрыйба топтоп жатасыздар?
А.А:. — Эки жогорку билимим бар, программист, анан юристмин. Юрист катары төрт жыл иштеп, телеге келгенде жумушту таштап койдум. Россиянын 1-канал, МатчТВ каналдарындагы баяндамачылардын алып барганына көз салып турам. Аларды туурайм дебейм, жакшы жактарын чогултуп өзүмдүн стилимди калыптандырып жатам.
Н.Т:. — Кесибим — архитектор. Айылда туулуп-өскөндүктөн, КТРКдагы мелдештердин баяндалышына көз жүгүртчүмүн. Учурдагы кыргыз тилдүү жаш баяндамачылардын көч башы — Мирлан Бектурсунов, Кубан Атабековдун алып барганын көрүп таасирлендим. Россиялык, казакстандык, түркиялык спорт журналисттеринин берүүлөрүн карап түздөнүп турабыз.
— Үн, дикция үчүн сабак алып турасыздарбы, болсо кимден, каяктан?
А.А:. — Жаңылмач айтып, көнүгүүлөрдү жасап турам.
Н.Т:. — Алып баруучулук боюнча "Нур" мектебинен сабак алгам.
— Спорт журналисттерин сурай келсең эле сөзсүз топ тээп же рингде мурда-кийин жүргөн болот. Сиздерчи?
Н.Т:. — Эркин күрөш боюнча 1-разряддагы спортчумун. Бирок ден соолугума байланыштуу таштаганга туура келди.
А.А:. — Футбол боюнча Кара-Балтанын өспүрүмдөр курама командасында ойногом. 9-классымдан тарта бокс менен алектенип, спорт чеберине талапкер болдум. Мен да Нурсултан сыяктуу саламаттагыма байланыштуу машыкпай калдым.
— Азыр сиздерде жумуш кайнап жатат десем туура болот го. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын көрсөтүүнү канча киши тейлеп жатат? Айрым чет элдик баяндамачылар ири мелдештерге көп убакыт даярданат экен. Сиздер кантип камдандыңыздар?
Н.Т:. — Бала кезимен футболго абдан кызыканым менен биздин айылда телеканалдар толук тартчу эмес, гезит-журналдарга деле спорт боюнча маалыматтар аз чыкчу. Ошол себептен дүйнө чемпионатына баш көтөрбөй даярданганга туура келди. Футболчулар менен командалардын тарых-таржымалын интернеттен маалымат топтодум. Практика жүзүндө эки жылдык тажрыйбама таянам.
— Баяндамачы калыс болушу керек, ошентсе да кайсыл өлкөнүн командасына күйөрмандык кылып жатасыздар?
А.А:. — Дароо эле айтып коеюн, өзүбүз жактырган командаларга жан тартпайбыз. Португалиянын командасына баа берем. Бирок Бразилия, Испания, Франция, Германия командалары күчтүү.
Н.Т:. — Аргентина менен Россиянын командасына жан үрөйм, бул оюн учурунда тартуу дегендик эмес. Бирок кесиптешим айткандай, Бразилия менен Германиянын оюнчулары күчтүү болуп турат.
— Интернетте ишиңиздерге карата ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. Жөн гана сын тагып, ачуу тилди агызгандар көп. Арасында жүйөлүү себептерди тизмектегендер да бар. Кайсыл комментарий көбүрөөк эсиңиздерде калды?
А.А:. — Юрист катары OMKS баракчасын сотко бергиң келет. Бирок ал жакта кандай адам отурганын билбейсиң. Катталуучулардын саны жарым миллионду чапчыйт. Демек ар бир посту коомчулукта күчкө ээ. Тилекке каршы, көпчүлүк оюнду өз көзү менен көрбөй эле постко жагымсыз, айтор, өздөрүнө да түшүнүксүз комментарийлерди калтырып жатышат. Маселен, бир ирет Кыргызстан менен Индиянын мелдешин баяндап жаткам. Индия командасына синоним катары "индийцы" дегем. Негизи Индиянын жашоочулары "индус" эмес, "индийцы" деп айтылат. Бул грамматикалык жактан абдан туура. OMKS бул тууралуу "индейцы" деп айтты деп пост жазып, бир топ сынга калгам. Акыры ошол эфирдеги видеону интернетке таратканымда туура сүйлөгөнүмө ынанышты.
— OMKS көбүнчө Instagram тармагында активдүү. Негизи Facebook социалдык тармагында сөздүн күчү бар дешет?
Н.Т:. — Ооба, адекваттуу ойлорду жазышат экен. Мурда Facebook тармагында активдүү эмес элем, азыр бизге багытталган пикирлер үчүн байма-бай кирип калдым. Сындап жаткандарга капа эмесмин. Алар сындап жатса демек ишибиз жаккан жок. Көбү КТРКнын ичинде эмне болуп жатканын билбейт. Баяндамачылык иштин күңгөй-тескейин студияда отургандар гана түшүнөт.
А.А:. — Бардыгана тегиз жагуу мүмкүн эмес. Түрдүү пикирлерге даяр болчубуз. Сындардын жөндүүсүн угабыз, чөкпөйбүз. Биз керек болсо эфирден кийин бири-бирибизди сындап, кемчилигибизди бетке айтып жатабыз. Россияда тажрыйбасы 15-20 жылдан ашкан спорт журналисттерин деле сындап келишет. Спорт каналдын ачылганына эки гана жыл болду, дагы эки-үч жылдан кийин жаштарга үйрөтүп калабыз деп ойлойм. Кыргызстандын деңгээлинде мыкты эле алып барып жатабыз.
— Сиздерге карата үндөрү жакшы, оюнду түшүнөт, бирок мелдештин жүрүшү тууралуу гана кеп кылып, кошумча маалымат беришпейт деп айтышат.
А.А:. — Тогуз баяндамачынын ар биринин күйөрманы, аудиториясы жана стили бар.
Н.Р:. — Ооба, маселен, арабызда маалыматка басым жасаганы, көп сүйлөгөнү, оюнга берилгени бар. Бул көрүүчүлөрдүн кабыл алуусуна жараша деп ойлойм. Биринчи кезекте тайминг (белгиленген убакыт — ред.) сактаганга аракет кылабыз. Белгилей кетүүчү нерсе, ар бир комментатор өз элинин менталитетине жараша баяндайт.
— Оюнду чагылдырып жатканда күйөрмандардын үнү угулбай, комментаторлор басымдуулук кылып жатат деген пикир бар. Бул ошондо техникалык көйгөйбү?
Н.Т:. — Бизде мыкты үн режиссерлору бар, техникалык ката болушу мүмкүн. Башында көйгөй бар болчу, азыр чечилди.
— Сын пикирлерди уккандан кийин баарына кол шилтеп жумуштан кетем деген ойлор болдубу?
Н.Т:. — Спортко болгон кызыгуу жана каалоо ар дайым күчтүү болууга жардам берет.
А.А:. — "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген принципти карманам. Сын адамды чыйралтат.
— Сиздерге карата айтылган сындарды жетекчилик кандай кабыл алып жатат? Сөгүш алдыңыздар беле?
Н.Т:. — Жетекчибиз Шайырбек Арапов бизди ар тараптан колдоп келет. Ката кетирдиңер деп басынтып, катуу сөз айтпайт. Өзү баяндамачы болбосо да теленин ишин жакшы билет.
Кыргыз тилдүү баяндамачы болгондуктан орусча сөздөрдү айткандан ката кетет. Кемчилигимди моюндап, жойгонго аракет кылам.
А.А:. — Оюндун жүрүшүндө калыстыктан четтеп, жеке оюмду билдирип алган учурлар болот. Команданы же тейлеген калыстарды эмоционалдуулук менен сындап алам. Ушунун айынан тил уккам, бирок сөгүш алган күнүм болгон эмес.
— Мамлекеттик мекемелердин айлыгы аз экендиги жашыруун эмес. Башкы жетекчиңиздер Илим Карыпбеков социалдык баракчасына сиздер тууралуу жазган билдирүүсүндө 600-700 сомдун тегерегинде гонорар алышат деп айткан. Ошондо бул бир оюндун наркын айтып жатат да, туурабы? Деги эле бир айда канча каражат табасыздар?
А.А:. — Алган айлыгым мендей үй-бүлөлүү адам үчүн аз. Кошумча иш-чараларды алып барам. Ата-энем да жардам берип турат. Дүйнө чемпионатынан кийин мен да YouTube канал ачайын деген оюм бар.