Анткени буга чейин парламентте КТРКга жаңы көчмө студия 500 миң долларга кымбат алынганы тууралуу сөз болуп, коомчулукта бул үчүн Карыпбековду жазага тартыш керек дегендер чыккан.
Коомдук каналдын башкы директору Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына баш багып, өзүнүн тегерегинде болуп жаткан кырдаал тууралуу маек куруп берди.
Андан тышкары, балалык, спорт, ата-эне жана жаңы бийликке карата мамилеси тууралуу сүйлөштүк.
— КТРКнын жетекчилик кызматында дагы бир нече айлык мөөнөтүңүз калды окшойт. Анткен менен сизди кетсин дегендер чыгып жатат. Өзүңүз бул кызматтан тажап кеткен жоксузбу?
— Жаңы келген президент, анын командасы менен тил табыша алдыңарбы?
— Бийликке ким келбесин КТРКнын жетекчиси катары аны менен тил табышпай койгонго укугум жок. Мен эл шайлаган өлкө башчысы менен тил табышам же табышпайм деп кыял көрсөткүдөй ким элем? КТРКнын башчысы — жөн гана аткаруучу, каналдын башкы менеджери. Бийликке Сооронбай Шариповичтен башка бирөө келсе деле дал ушундай пикирде болмокмун. Мен ушул кызматымда экинчи президент, төртүнчү премьер-министр менен иштешип жатам. Алардын бирөө менен дагы эч кандай маселе жаралган эмес. Азыр "Илим Карыпбеков хамелеон, Атамбаевдин бийлиги менен иштеп, дагы деле кетпей жүрөт" деп айтып жаткандар толтура. Тилекке каршы, коом бийлик алмашса эле арыз жазып, кызматтан кетип калган адамдарды "ал кыйын, басып кетет" деп идеалга айландырып алган. Менин оюмча арыз жазып басып кеткенден оңой нерсе жок. Сен кетсең, ордунду басчулар толтура. Андан көрө тосоолдуктарга чыдап, ишиңдин майын чыгара иштеп кетиш керек. Биз азыр ушундай нерсени үгүттөп, ушуга үндөшүбүз керек.
— Коомдук каналдын башчылыгына талапкерлигиңизди кайра коеюн деген ой жокпу?
— Кайра коюңуз деп суранып жаткандар бар, бирок мен каалаган жокмун. Негизи өзүмдүн чакан ишкерлигим бар, ошону менен алек болсомбу деп пландап жатам. Азыр менин кетишимди аша чаап каалап жаткандар Карыпбеков кайра талапкерлигин койбосун деп аракет кылып жатат окшойт. Себеби үч жарым жылдан бери унчукпай келгендердин жарым жыл калганда минтип асылып жатканында бир себеп бар. Кээде алар өздөрү мени ошол жакка түртүп барып, талапкерлигимди койдуруп, анан ызы-чуу салгысы келип жатабы деп ойлоп коем.
— Саясий кызмат сунушталса барасызбы?
— Кандай гана кызмат сунушталбасын, менин билим деңгээлиме ылайык келип, ошол жерде пайдалуу бир нерсе кыла алам деп көзүм жетсе, макул болушум мүмкүн.
— КТРКда миңден ашуун адам иштейт эмеспи. Ар биринин өзүнүн амбициясы, талабы, кыялы бар дегендей. Бул жумушка кол шилтеп кетип калгыңыз келген учурлар болгон жокпу?
— Туура, бул жерде жетекчи болуу оңой эмес. Эмоцияга алдырып, өзүңдөн чыгып кетпеш үчүн чоң эмгек керек. Эгер мен күнүнө эки сааттан спорт менен машыкпасам, чыдабайт болчумун. Стресстин баарын тер менен чыгарып ием. Болбосо КТРК "мен мен" деген Мелис Асаналиевичти (Эшимканов — ред.) тажаткан. Ал жерден ооруп, сынып, качып кеткендер болду.
— Оору демекчи, "жумуштан кетирилгенден кийин ооруканага түштү" делип жаткан мурдагы кызматкериңер Чынара Токоновадан кабар алып жатасызбы? Ички иликтөөлөр болуп жатса керек?
— Түшүнүктүү. Бир эмес, бир нече социалдык тармактарда активдүүсүз, буларга кантип убакыт табасыз?
— Убакытты туура пайдаланса, эки эсе көп нерсеге жетишсе болот. Мен социалдык тармактарга атайын бир убакыт бөлүп отурбайм. Өкмөткө же Жогорку Кеңешке барганда күтүүгө туура келип калат. Же тамак ичип отурганда, тоого барганда, уктаар алдында, иши кылып ушул сыяктуу убактарда пайдаланам.
— Өткөндө парламентте депутаттар "сессияны сапатсыз кылып көрсөтүп жатасыңар, депутаттардын бети кызарып көрүнүп атат" деген таризсе нааразы болушту эле…
— Биринчиден, Жогорку Кеңештеги сессиялардын жарымынан көбүн өздөрү тартат. Балким техникасынан кемчиликтер кеткендир. Экинчиден, азыр баарыбыз санарип системасындабыз. Анда адамдын бетинде кичинекей чийик болсо дагы даана көрүнүп турат. Үчүнчүдөн, депутат — бул эл көзүндөгү адам. Аны Жогорку Кеңеште гана эмес, көчөдөн же дүкөндөн деле тартып алышы мүмкүн. Мындай адам ар нерсеге даяр болуп жүрүш керек. Мисалы КТРКнын башкы директору дагы коомдук фигурага кирет. Мени КТРК жетекчилигине же депутаттарды Жогорку Кеңешке бирөө кыйнап, колуна кишен салып алып барып отургузган жок да. Ар бирибиз өз каалообуз менен келдик, өз ыктыярыбыз менен коомго чыгып жатабыз. Демек, ар кандай сын-пикирге, бетибизди кызыл-ала кылып көрсөтүп коюшуна даяр болушубуз керек. Өзгөчө депутаттар ар бир жыйын түз эфирде, журналисттердин катышуусу менен болорун сопсонун билет. Кээде мен деле Жогорку Кеңешке барганда өзүмдү бош таштап коем дагы бир маалда "журналисттер тартып алган жок болду бекен" деп чочуп эсиме келем. Эгер бетим кызарып же бир нерсем кыйшайып калса, ал менин күнөөм да. Сын-пикир жакпайт десе коомдук позициядан кетиш керек.
— Бизге буга чейин берген маегиңизде КТРКнын сайтын Sputnik Кыргызстан агенттигинен дагы окумдуу кылабыз дедиңиз эле. Ишке аштыбы?
— Жакында эле мониторинг кылдык. Сиздердин сайттан дагы деле артта экенбиз. Бирок айрым ЖМКларды басып өтүптүрбүз. Алдыга чыга албай жатканыбыздын себеби сайтыбызда сегиз гана адам иштейт. Албетте алар эч нерсеге жетишпейт. Көйгөйдүн баары каражатка барып такалып жатпайбы. Биздин бюджет тогуз жылдан бери эч өзгөрүүсүз келе жатат.
— Эми жеке жашооңуз тууралуу сүйлөшсөк. Буга чейинки маектериңизде чоң эненин колунда өскөнүңүздү айтып жүрөсүз. Өз ата-энеңиздин колуна качан келдиңиз эле?
— Апам мени студент кезинде төрөптүр, эки ай болгондо мамлекеттик экзаменерди тапшырыш керек болуп, айылга чоң апам менен чоң атамдын колуна таштайт. Чоң апам дүкөндөгү ишин таштап, мени багып жүргөн кезде ата-энем ажырашып кетишкен экен. Жарым жылдан ашыгыраак убакыт өткөндөн кийин апам таенемди ээрчитип алып мени алып кетем деп айылга барыптыр. Ал ортодо чоң энем мага көнүп алса керек, бергиси келбей, бир күн кечке улам бир кошунаныкына жашыныптыр. Таенем ошондо эми баланы оңой менен беришпейт, азырынча калтырып кое бер деп апамды алып кеткен экен.
— Ошондо апаңыз менен качан тааныштыңыз?
— Мектепти бүткөндө чоң энем алгач өз атама жетелеп барды. Ал эчак үйлөнүп, жайланып, өзүнчө жашачу. Үчөөбүз гана калган учурда "баланы алып келдим, эми колуңан келсе окутуп ал, келбесе апасы менен тааныштырам" деди. Атам шарты жок экенин айтып, тааныштыра бериңиз деди. Ал убакта апам деле кыйналып жашап жатыптыр. Кийинки турмушу дагы оңунан чыкпай, эки эркек баланы жалгыз багып жүргөн кези экен. Ага карабай мени кабыл алып, бооруна тартты. Ошентип апамды биринчи жолу 16 жашымда көрдүм.
— Ооба, эненин мээрими бардык балдарына жетет эмеспи. Инилериңиз кандай кабыл алды? Кайдан-жайдан бир тууган пайда боло калганы аларга күтүүсүз болсо керек?
— Албетте эч кимге оңой болгон жок. 16 жаштагы бирөө келип эле мен сенин балаңмын деп чыга калса… Апамдын туугандары башында каршы болушуптур, "өзүнчө өсүп калган баланы эмне кыласың, ашка жүк, башка жүк болот" деп.
— Ошентип чоң турмушка аттанып, шаардагы жашоо башталды?..
Баса, мен өзүмдүн жашоом тууралуу жаштарга, өспүрүмдөргө арналган "Кыялдар орундалат" деген китеп жаздым. Аны кызматтан кеткенден кийин жарыкка чыгарам. Дегеним ал жакта менин өмүр жолумда кезиккен, кайсы бир деңгээлде роль ойногон саясатчылардын аттары бар. Азыр чыгарсам, сөзсүз саясий нукта карай башташат.