Уйкусуз түндөр алдыда... Футбол чемпионатынын тарыхынан майда-чүйдөсүнө чейин

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүСветовое шоу на здании ЦВЗ "Манеж", посвященное ЧМ-2018 по футболу
Световое шоу на здании ЦВЗ Манеж, посвященное ЧМ-2018 по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталарына саналуу сааттар калды. Бул күндү өзгөчө футбол ышкыбоздору чыдамсыздана күткөнү талашсыз. Эми бир айга чукул уйкусуз түндөр алдыда турат. Дүйнө чемпионатындагы кызыктуу фактылар, алдыдагы мелдештер тууралуу спорттук баяндамачы, колумнист Кабыл Макешов учкай баяндайт.

14-июндан 15-июлга чейин өтчү мелдештер үчүн Россиянын Москва баштаган 11 шаарында 12 стадион камдалып, камылга шайма-шай көрүлдү. Москва шаарында ("Лужник жана "Спартак), Санкт-Петербург ("Санкт-Петербург" стадионунда), Калининград ("Калининград"), Казань ("Казань Арена"), Сочи ("Фишт"), Екатеринбург ("Екатеринбург Арена"), Ростов-на-Дону ("Ростов Арена"), Волгоград ("Волгоград Арена"), Нижний Новгород ("Нижний Новгород" стадиону), Саранск ("Мордовия Арена"), Самара ("Самара Арена"). 

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы "Лужники" стадиону
Москва шаарындагы Лужники стадиону - Sputnik Кыргызстан
1/12
Москва шаарындагы "Лужники" стадиону
© © Город-организатор МоскваМосква шаарындагы "Спартак" стадиону
Москва шаарындагы Спартак стадиону - Sputnik Кыргызстан
2/12
Москва шаарындагы "Спартак" стадиону
© © Город-организатор Санкт-Петербург"Санкт-Петербург" стадиону
Санкт-Петербург стадиону - Sputnik Кыргызстан
3/12
"Санкт-Петербург" стадиону
© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүСтадион "Калининград", где пройдут матчи чемпионата мира по футболу 2018.
Калининград Арена стадиону - Sputnik Кыргызстан
4/12
Стадион "Калининград", где пройдут матчи чемпионата мира по футболу 2018.
© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүФутбольный стадион "Ростов Арена" в Ростове-на-Дону.
Ростов Арена стадиону - Sputnik Кыргызстан
5/12
Футбольный стадион "Ростов Арена" в Ростове-на-Дону.
© SputnikВид на мост Миллениум и стадион "Казань-Арена"
Казань-Арена стадиону - Sputnik Кыргызстан
6/12
Вид на мост Миллениум и стадион "Казань-Арена"
© SputnikСтадион "Фишт" в Сочи
Сочидеги Фишт стадиону - Sputnik Кыргызстан
7/12
Стадион "Фишт" в Сочи
© © Город-организатор Екатеринбург"Екатеринбург Арена"
Екатеринбург Арена стадиону - Sputnik Кыргызстан
8/12
"Екатеринбург Арена"
© Sputnik / Рамиль СитдиковНочной вид на стадион "Волгоград Арена" с противоположного берега Волги
Волгоград Арена стадиону - Sputnik Кыргызстан
9/12
Ночной вид на стадион "Волгоград Арена" с противоположного берега Волги
© © Город-организатор Нижний НовгородСтадион "Нижний Новгород"
Нижний Новгород стадиону - Sputnik Кыргызстан
10/12
Стадион "Нижний Новгород"
© SputnikВид на стадион Мордовия Арена со обзорной площадки на центральной площади Саранска
Мордовия Арена стадиону - Sputnik Кыргызстан
11/12
Вид на стадион Мордовия Арена со обзорной площадки на центральной площади Саранска
© Sputnik / Юрий СтрелецФутбольный стадион «Самара Арена»
Самара Арена стадиону - Sputnik Кыргызстан
12/12
Футбольный стадион «Самара Арена»
1/12
Москва шаарындагы "Лужники" стадиону
2/12
Москва шаарындагы "Спартак" стадиону
3/12
"Санкт-Петербург" стадиону
4/12
Стадион "Калининград", где пройдут матчи чемпионата мира по футболу 2018.
5/12
Футбольный стадион "Ростов Арена" в Ростове-на-Дону.
6/12
Вид на мост Миллениум и стадион "Казань-Арена"
7/12
Стадион "Фишт" в Сочи
8/12
"Екатеринбург Арена"
9/12
Ночной вид на стадион "Волгоград Арена" с противоположного берега Волги
10/12
Стадион "Нижний Новгород"
11/12
Вид на стадион Мордовия Арена со обзорной площадки на центральной площади Саранска
12/12
Футбольный стадион «Самара Арена»

Дымагы күчтүү атаандаштар

"А" тобунда: Россия, Сауд Аравия, Египет, Уругвай

"В" тобунда: Испания, Португалия, Иран, Марокко

"C" тобунда: Франция, Перу, Дания, Австралия

"D" тобунда: Аргентина, Хорватия, Исландия, Нигерия

"F" тобунда: Германия, Мексика, Швеция, Түштүк Корея

"G" тобунда: Англия, Бельгия, Тунис, Панама

"Е" тобунда: Бразилия, Швейцария, Коста-Рика, Сербия

"H" тобунда: Польша, Колумбия, Сенегал, Япония 

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттагы командалардын каршылаштары
Официальная жеребьевка чемпионата мира по футболу 2018 - Sputnik Кыргызстан
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттагы командалардын каршылаштары

Стадион Лужники в Москве - Sputnik Кыргызстан
Россияда дүйнө чемпионаты үчүн жаңыланган стадион Мессини таң калтырды
"А" тайпасында талаа ээлери орустар менен дүйнөнүн эки жолку экс-чемпиону Уругвай жана Сауд Аравия командалары ойнойт. Ошондой эле мыктыларды тандоо элегинен өтүп, тайпалык оюндарга 1934-жылы, анан 1990-жылдары гана чыккан Египет да бар. Ошон үчүн көпчүлүк Россияга ийгилик жылмайышы мүмкүн деп турат. Акыркы жылдары дурустап оюн көрсөтө албай, күйөрмандарынан тил угуп келген орус футболчулары үчүн чемпионатты өткөрүп жатканына байланыштуу иргеп алуу мелдештерине катышпай токтоосуз эле тайпага кошулганы да чоң олжо болду. Ушуларды эске алганда Россия чейрек финалга жетип калышы ыктымал. Бирок финалга чыгышы күмөн.

Кызыгы, 1964, 2008, 2012-жылдары Европа чемпионатын, дүйнөлүктү бир ирет уткан Испания "B" тайпасына туш болду. Атаандашы ким болорун уккан португалиялыктардын шаабайы сууй түшкөндөй болду. Чынында Европанын учурдагы чемпиону португалдар деле оңой жоо эмес. Португалияга каршы ойной турган испандардын деле жүрөгү болкулдап турган учур. Ошол эле маалда көп учурда тандоо турунан өтпөгөн, өтсө да тайпадан суурула албаган Иран менен Мароккону футбол күйөрмандары европалык фавориттерге тең ата көрбөй турушат.

Дүйнө чемпионатына жөндөн жөн эле кошулуп калган команда жок. Баары тандоо мелдештерден иргелген күчтүү топтор. Футболдо күтүүсүз нерселер да болушу ыктымал. Ошентсе да башкы фаворит Франция менен дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Германия болот деп божомолдогондор арбын. Себеби, француздар өз тайпасынан оңой чыкчудай көрүнөт.

Ал эми тайпалардан "F" тобунда өтө күчтүү командалар топтолуп калгандай. Ага дүйнөнүн төрт жолку, ушу таптагы да чемпиону Германия, 1990-жылдардан бери 1/8 финалга жетип жүргөн Мексика, акыркы эки чемпионатта тең тайпага илинбей калган Швеция, Азиядагы бирден бир белгилүү жана күчтүү команда Түштүк Корея кирди.

Футбол. РФПЛ. Матч Рубин - ЦСКА - Sputnik Кыргызстан
КТРКнын үч каналы футбол чемпионатын түз эфирден көрсөтөт
Бул ирет "G" тобундагы Англиядан үмүттөнүп турган күйөрмандар да арбын. Эң кызыктуу оюн көрсөтүүчү тайпа англиялыктардыкы болот окшойт. Анткени акыркы сегиз жылда англичандар жакшы жыйынтык көрсөтүшкөн жок. Ошондуктан бул ирет алар бар күчүн салып, өзүн көрсөтүшөт. Бельгиялыктар да оңой жоо эмес. Бул тайпадаг Тунис менен Панама бар. Африкалыктар 1978, 1998-жылдары гана дүйнө чемпионатына катыша алса, Борбордук Америкадагы Панама үчүн Россиядагы оюн дебют болмокчу.

Арманда калгандар

Бул жолу чемпионатка бара албай утулуп калган командалар арасында дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Италия бар. Алардын күйөрмандары да ичтери күйүп, арманда калышты. Алардан сырткары Греция, Ираландия, Гондурас, Нидерландия,Чехия жана Украина дагы чемпионатка катышпай, арманда калышты. Ошондой эле Чили, АКШ, Австрия, Түркия сыяктуу футболу өнүккөн өлкөлөр тайпалык оюндарга да илинбей калышкан. 

© REUTERS / MAX ROSSIБул жолу чемпионатка бара албай утулуп калган командалар арасында дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Италия бар
Матче за путевку на чемпионат мира-2018. Италия — Швеции - Sputnik Кыргызстан
Бул жолу чемпионатка бара албай утулуп калган командалар арасында дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Италия бар

Кызыктуу фактылар:

Турнирдин расмий талисманы катары Забивака аттуу карышкыр тандалган

Турнирди өткөрүү үчүн $11 миллиард акча сарпталат экен

Божомол боюнча оюн көрүү үчүн 1 миллион адам келээри күтүлүүдө

Коопсуздук үчүн 510 миллион доллар каражат жумшалып жатат

Сыналгы аркылуу биринчиликтин матчтарын 3 миллиард адам көрөт

Ростов-на-Дону шаарында турнир үчүн атайын аэропорт курулду. 

© Фото / Оргкомитет "Россия-2018" / Медиабанкка өтүүТурнирдин расмий талисманы катары Забивака аттуу карышкыр тандалган
Презентация талисмана ЧМ-2018 по футболу - Sputnik Кыргызстан
Турнирдин расмий талисманы катары Забивака аттуу карышкыр тандалган

Дүйнө чемпионатынын кыскача тарыхы

1904-жылдын 21-майында Франциянын борбору Парижде Голландия, Бельгия, Швеция, Швейцария жана Испаниянын футбол адистери чогулуп, Эл аралык футбол федерациясын (FIFA) негиздеген. Ал кездерде футбол оюну олимпиада оюндарынын алкагында гана ойнотулуп келген.

Учактан түшүп жаткан Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат
Биринчи дүйнөлүк мелдеш 1930-жылы Уругвайда өтүп, финалдык таймашка талаанын кожоюндары Аргентина менен чыккан. Жыйынтыгында Уругвай Аргентинаны 4:2 эсебинде утуп, дүйнөнүн футбол боюнча эң алгачкы чемпиону аталат.

1938-жылкы чемпионат Францияда өтүп, Италиянын утушу менен аяктаган. Ушул жылдары Европада саясий кырдаал курчуп, фашисттик Германиянын континентте жүргүзгөн согуш саясаты футбол дүйнөсүнө терс таасирин тийгизип, спорт күйөрмандары 12 жыл бою футбол боюнча дүйнө чемпионатына күбө боло алышкан эмес.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин FIFA чемпионатты кайра жандантып, 1950-жылы дүйнө мелдеши Бразилияда өткөн. Чечүүчү беттеште Бразилия Уругвай менен ойноп? ага 1:2 эсебинде утулуп, Уругвай дүйнөнүн мыктысынын мыктысы экенин дагы бир жолу далилдеген.

1966-жылы Англиядагы чемпионатта талаа ээси финалда Германия менен беттешип, 4:2 эсебинде атаандашын жер караткан.

2002-жылдагы Түштүк Корея менен Японияда өткөн биринчилик футбол тарыхындагы эң кызыктуу чемпионаттын бирине айланды. Анткени мындай даражадагы турнир Азия континентинде биринчи жолу өтүп, сенсацияга мол болгон.

Бразилия дүйнө чемпиондугун беш ирет багындырып, учурда көч башында. Германия менен Италия төрт жолу, Аргентина менен Уругвай эки жолу чемпион болсо, Франция, Испания жана Англия бир жолу дүйнө чемпиону аталышкан.

Футбол чемпионатынын тарыхында оюнчулар дагы баш тартып, келбей койгон учурлар болгон

1934-жылдагы чемпионат Италияда өтүп, уругвайлыктар чемпионатка баруудан баш тарткан. 1938-жылы кайра эле Уругвай курама командасы мелдешке келүүдөн баш тартат. Бул жолу дагы чемпионат Европа аймагында, тагыраагы Францияда өтүп жаткан.Уругвайды колдоп чыккан Аргентина болуп, алар дагы мелдешке барбай турганын, Европада эки жолу катарынан чемпионат өтүп жатканына нааразы экенин айтты.

1958-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын алдындагы тандоо оюндары олуттуу маселеге айланган. Тандоо оюндарына Израилдин курама командасын дагы катышууга уруксат беришкен. Ал учурда Израиль Азия аймагындагы команда катары каралып, тандоо оюндарында Азия жана Африканын улуттук курама командалары менен беттештерди өткөрүүсү керек эле. Бирок Түркия, Индонезия, Египет жана Судан саясий маселеден улам Израиль менен беттеш өткөрүүдөн баш тарткан.

Официальным мячом ЧМ-2018 сыграли на МКС - Sputnik Кыргызстан
Космонавттар космосто футбол ойногон видеосу
1966-жылы Англияда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышуудан бүтүндөй бир континент Африка өлкөлөрү баш тартып, бойкот жарыялашкан.

Кансыз согуштун күчөп турган жылдарда Германияда өткөн чемпионатка СССР катышкан эмес. Тандоо оюндарында СССР Чили курама командасы менен беттешүүдөн баш тарткан. Андан бир жыл мурун 1973-жылы төңкөрүш жолу менен Чилинин жетекчилигине Аугусто Пиночет келген. Беттеш өтө турган "Сантьяго" стадионунда солчул кыймылдын активисттери өлтүрүлгөндүктөн СССР саясатка байланыштуу ойноодон баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0