БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Шаршемби күнү тоолуу райондордо жамгыр жаай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 23…28 градус жылуу болсо, Ысык-Көлдө 20…25, Нарын аймагында 21…26 градус нөлдөн жогору болот.
Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, 26…28 градуска чейин жылыйт.