Ош: жетекчисин чаап жиберген милициянын капитанына кылмыш иши козголду

Жазылуу
Жабырлануучу алган жараатынан улам ооруканага жаткырылган.

ОШ, 19-июн. – Sputnik. Ош облусунда жетекчисин чаап жиберген криминалдык милициянын капитанына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, начальник менен кызматкердин ортосундагы чатак мындан бир ай мурда, 3-июнь күнү болгон. Ишти Ош облусунун прокуратурасы иликтей баштаган.

"Милициянын капитаны криминалдык кызматтын жетекчисин чаап жиберип, начальник ооруканага кайрылган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна караганда, жабырлануучу анча оор эмес жаракат алган", — деп прокуратурадан билдиришти.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пункту (ден соолукка атайылап залал тийгизүү) боюнча кылмыш иш козголду.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0