Макрон "Ману, кандай?" деп кайрылган өспүрүмдү кагып койду

© AP Photo / Charles Platiau / PoolФранциянын президенти Эммануэль Макрон О-де-Сен департаментинде өткөн расмий азем учурунда
Франциянын президенти Эммануэль Макрон О-де-Сен департаментинде өткөн расмий азем учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Twitter тармагындагы баракчасы аркылуу дагы өзүнчө комментарий берген.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон ага орой кайрылган өспүрүмдү зекип койду. Бул тууарлуу РИА Новости жазып чыкты. 

Францияда 18-июнь күнү 1940-жылы экинчи дүйнөлүк согуш учурунда каршылык көрсөтүүгө түрткү болгон Шарль де Голдун сөзүнүн 78 жылдыгы белгиленди.

Макрон О-де-Сен департаментинде өткөн расмий аземге катышты. Liberation басылмасы жазгандай, президент чогулган эл менен окуучуларга салам берүү үчүн сыртка чыккан.

​Бир маалда өспүрүмдөрдүн бири "Ману, кандай?" деп Макронго кыйкырган.

"Сен башка күнү каалаганыңды жасай бер. Бирок бүгүн "Марсельеза" (гимн) менен "Партизан ыры" аткарылып жатат. Андыктан мага "Урматтуу президент" деп кайрыл", — деп Макрон жооп берген.

Өлкө башчы кийинчерээк "Сый-урмат айрыкча 18-июнда сакталышы керек" деп Twitter тармагындагы баракчасына да жазган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0