БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. 15-июндан 18-июнга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы көзөмөл пунктулары жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
"Чек ара Кыргызстандагы Орозо айт жана Кытайдагы Дуань-у цзе (Акындар күнү — ред.) майрамынан улам кытай тараптын демилгеси менен жабылууда", — деп айтылат мааламытта.
Чек арадан адамдарды, унаа жана жүктү өткөрүү 19-июнда калыбына келет.