16 жашында ышкырыкты колго алып футзал оюндарын тейлеп баштаган Букуев былтыр дүйнөдөгү эң мыкты 10 реферинин катарына кошулган. Sputnik Кыргызстан агенттиги белгилүү калыс менен кесиптик жолу, футзал тейлөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу баарлашты.
— Нурдин мырза, буга чейин сиз менен маек тууралуу сүйлөшкөндө Малайзияда жүргөнүңүздү айттыңыз эле. Ошол сапарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?
— Футбол — аянттын ичинде гана эмес, анын сыртында да ишмердиги бар спорттун түрү. Малайзияда футболдук менеджмент же болбосо футболдук административдик башкаруу багытына арналган сабактарга катышып келдим. Бул курстар Азия Футбол федерациясы тарабынан жаңы тажрыйба жана билим берүү максатында уюштурулган.
— Өзүңүз менен тааныштыра кетсеңиз?
— Кантип футзал калысы болуп калдыңыз?
— Бой жетип калганда футболчу катары келечегим жок экенине көзүм жетти. Андан улам футбол экинчи планга өтүп, окууга көбүрөөк көңүл бура баштадым. 1996-жылы атамдын демилгеси менен Футзал ассоциацияы ачылып, алгачкы мелдештер өткөрүлө баштады. Мен уюштуруу иштерине көмөк көрсөтчүмүн. Ошол кезде атамдын акыл-насааты менен ышкырыкты колго алып, футзал мелдештерин тейлей баштадым. Ар оюн сайын тажрыйбам көбөйө берди. 2006-жылы Футбол федерациясынын демилгеси менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) тизмесине кирдим. Алгачкы эл аралык мелдешимди 2007-жылы Японияда өткөн футзал боюнча Азия биринчилигинде өткөрдүм. Талыкпаган эмгектин арты менен эл аралык деңгээлге көтөрүлдүм десем болот.
— Футболук оюндарга да калыстык кыласызбы? Негизи эле футбол менен футзалды тейлөөнүн айырмасы барбы?
— Мен өзүмдүн тагдырымды башынан эле футзалга байлап алгандыктан, жалаң гана ушул жаатта калыстык кылам. Экөөнүн негизги принциптери бирдей эле. Бирок эрежелери бир аз башкачараак болгондуктан кандайдыр бир айырмачылыктар бар. Кичи футболдо калыстардын чечим кабыл алуу мөөнөтү азыраак. Себеби аянтча тар болгондуктан футболчулар арасындагы түртүшүү көбүрөөк болот. Ошондуктан убакытты текке кетирбей, тез чечим чыгарышың керек.
— Дүйнөлүк чемпионаттын финалына калыстык кылуу ар бир арбитрдин кыялы болсо керек. Айтыңызчы мыкты калыс болуу үчүн эмне кылуу керек?
— Калыстар да кадимкидей машыгып, оюндарга анализ жасашат да. Сиз футболдук матчка кантип даярданасыз?
— Азыр футболдо да, футзалда да командалар жаңыланып жатат. Оюнчулар мурдагыга караганда ылдам ойноп, командалар кара күчкө таяна башташты. Калыстар да оюндун бир бөлүгү болгон соң жаңыланып турушу керек. Андыктан калыстар үчүн машыгуу процесси эч качан токтобойт. Ар бир оюндун алдында командалар менен таанышып, алардын алсыз жана күчтүү жактарын терең изилдейсиң. Негизги оюнчуларынын өзгөчөлүктөрүнө баам саласың. Ушулардын баарына канчалык жакшы даярдансаң, калыстыгың да ошончолук жеңил өтөт. Колуңа ышкырыкты алсаң эле калыс болуп каласың деген туура эмес.
— Кыргызстанда футбол калысы болуу үчүн кандай шарттар түзүлгөн?
— Калыстык кылуу менен каражат тапса болобу?
— Салыштырмалуу айтсак, чоң футболду тейлеген аты чыккан калыстар жакшы эле табышат. Бирок жалпылап айтканда рефери болуп көп деле акча таба албайсың десем болот. Калыстык кылуу башка нерселери менен кызык. Эл-жер кыдырып, улам жаңы адамдар менен таанышып, дүйнөгө болгон көз карашың оң жагына өзгөрөт.
— Келечектеги пландарыңыз кандай?
— Буга чейин үч жолу дүйнөлүк чемпионатта калыстык кылгам. Анын кызыгы, кумары дагы деле тарай элек. Жок дегенде дагы бир дүйнөлүк чемпионатка катышуу планым бар. Ошондуктан азыр да катуу машыгып жатам.