Дартымды ойлоп баратып КамАЗды сүзүп алгам. Кикбоксчу Улан Касымбековдун маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековКикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Улан Касымбеков
Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону  Улан Касымбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узаган жумада кикбокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Ооба, катардагы эле мелдеш. Бирок кармаштын көркүн рингге кайткан Улан Касымбеков ачты.

Дүйнө чемпиону Касымбеков бир жыл мурда ден соолугуна байланыштуу спорттон четтеген. Тагыраагы, көзүнө үч ирет операция жасалган.

Кикбоксчу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип, жаракаты жана спортко кайтып келишине эмне шык бергени тууралуу айтып берди.

— Улан, рингге кайтып келишиңиз менен. Бир жыл мурдагы абалыңыз дагы деле эсиңизде болсо керек?

— Башынан айтып берейин. Машыгуудан чыгып жолдо баратсам оң көзүмө бир нерсе туруп калгандай болду. Ушаласам кетпеди. Күзгүдөн карасам эч нерсе жок. Уктап турганда жоголуп кетет, машыкканда пайда болуп калат. Жанымдагы балдарга карап койгулачы десем, "эч нерсе жок" дешти. Агайым чаң кирип кетсе керек деп мазь сүйкөп койду. Анан бир айдан кийин оң көзүмдүн жарымы көрбөй калды.

Белгилүү мушкер, кикбокс боюнча дүйнө чемпиону (Түркия, 2013-жыл), Азия чемпиону (2017-жыл), КРдин бир нече жолку чемпиону Авазбек Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
"Ушу сен спортчусуңбу?" дешет. Дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков менен маек
Профессор Жеңишбек Назаралиевдин клиникасына барсак, психологиялык абалга байланыштуу деп сыпаттады. 11 күн көрүнүп, жакшы болуп калгандай сезилди.

Бир жумадан кийин Кыргызстандын чемпионаты өтмөк, ага даярданып баштаганда оорум күчөдү. Финалга чейин күч сынашып утулуп калдым.

Жеке неврологиялык борбордон диагноз коюшту. Дарыгер "жаныңда ким бар" дейт, жалгыз келгем десем. Бир топко ойлонуп отуруп, "жүрөгүңүзгө жакын албаңыз, сизге ачык айта берейин" деп коркутуп баштады. Көрсө көздүн ички чели эки-үч жеринен айрылган экен (отслоение сетчатки — ред). Дарыгер операция Германияда 3-4 миң долларга жасаларын айтып, дайын дарегин жазып берди. Ичимен нес болдум. Каяктагы Германия, каяктагы акча? Кагаздарын алып чыгып кеттим. Жолдо ойлонуп кетип машинам менен КамАЗды кагып алдым. Бирок өзүм эч нерсе болгон жокмун.

© Sputnik / Табылды КадырбековКасымбеков: көзүмдүн кан басымы жогору болгондуктан чел кабыгы айрылып, операция жасаткам
Чемпион мира по кикбоксингу, кыргызстанец Улан Касымбеков - Sputnik Кыргызстан
Касымбеков: көзүмдүн кан басымы жогору болгондуктан чел кабыгы айрылып, операция жасаткам

Кийин Кыргызстандагы күчтүү клиникаларга кайрадан көрүнүп чыктым. Акыры бир жыйынтыкка келип операция жасатмай болдук.

Германияга акча жетпей Алматыга бардык. Бирок, дарыгерлер тобокелге салабыз, кепилдик жок деген. Мейли, эмне болгон күндө да бир көзүм бар дедим… Оюкту толтурган жасалма (протез) көз кийгенге дагы даяр элем. Ал учурду эстесем өзүмдү аяп кетем.

Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз "Тайсону" Канат: мелдештерде 6 миң доллар, Honda Accord утуп жүрөм
Операция жасалды, жакшы болгондой сезилди. Дарыгерлер 1,5 айдан кийин кайра кел дешкен. Ошол учурда Ашхабадда өтө турчу Азия оюндарына даярданып жаткам. Көзүм алда канча жакшы эле. Оюнга бир жума калганда агайым "барбайсың, сени албайт экен" деди. Ошондон кийин өзүмдү таштап салдым. Алдап "барасың" деп койсо балким жакшы болуп кетмекмин. Алматыга барсам "бир жуманын ичинде Москвага жөнө, болбосо көзүң көрбөй калат" дешти. Мен каражат жок болсо кантип барам?

Кикбоксчу Айбек Дүйшембиев коомдук ишмер Ассоль Молдокматовага жардам сурап кайрылып көрбөйлүбү деп калды. Молдокматова элге жарыя кылды, үй-бүлөм менен каражат издеп, машинамды сатыкка койдум. Ал да өтпөйт, бир жуманын ичинде ким алмак эле. Акыры бир байкелердин жардамы менен акча чогулду. Москвадан эки жолу операция жасаттым.

— Ошондо көздүн торчосу эмнеден жабыркаптыр?

— Көзүмдүн кан басымы жогору экен. Өзүм машыгууну чегинен ашыра кылам. Агайым көп ирет эскертүү берген. Эми сабак болду.

— Операцияны баштан өткөрүү оор эле болсо керек?

— Алматыдан оң көзүмө болсо, Москвадан сол көзүмдү кошуп жазаганга туура келди. Дарыгерлер көздүн ички челинин айрылган жерлерин тигишти. Экинчи жолу операция жасалганда торчо кыскарып калган экен, карегимди кичирейткенге туура келди. Көздүн айланасын катырып, үстөлгө отургузуп алып операцияны лазер менен жасашты. Ток менен эле ургандай болду. Учурда көзүм калыбына келгичекти көз айнек тагынып жүрөм.

© Sputnik / Табылды КадырбековКасымбеков: операциядан кийин машыгууларда эл чуркаса, мен басып жүрдүм
Чемпион мира по кикбоксингу, кыргызстанец Улан Касымбеков - Sputnik Кыргызстан
Касымбеков: операциядан кийин машыгууларда эл чуркаса, мен басып жүрдүм

— Дос-тууган, тааныш деген кыйналыш учурда билинет деп коет эмеспи?

— Айланамды бир сыйра тазалап алдым. Бирок жакшы адамдар көп экен.

— Кайрадан спортту улантууга эмне шык берди?

Пауэрлифтинг боюнча КРдин бир нече жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси жана 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Паралимпиада оюндарындарынын катышуучусу Эсен Калиев - Sputnik Кыргызстан
Паралимпиадачы Эсен Калиев: тагдыр экен, уулумду жалгыз тарбиялайм
— Москвадан келсем балдар Ысык-Көлгө машыгууга баратыптыр. Алар менен жөнөп кеттим. Балдар чуркаса, мен басып жүрдүм. Үч килограммдан ашык эч нерсе көтөргөнгө болбойт эле. Колума кичинекей таштарды алып алгам. Бара-бара таштардын салмагын көбөйтө баштадым.

Интернеттен тагдыры мага окшош боксчулардын таржымалын окудум. Алар деле көзүнөн жабыркап 3-4, кеминде эки жылдан кийин рингге кайтып келишиптир. Мага бир жыл болду.

Ачыгын айтканда рингге чыгышыма дарыгерлерден тарта үй-бүлөмө чейин каршы болушту. Бирок мен жүрөгүмдү уктум. Кээде ички туюмду да тыңдаш керек экен. Ооруп жүргөндө көкүрөгүм Москвадан жакшы болосуң деди, бирок, Казакстанга кетип калдым. Кийин кайра Москвадан дарыланып жакшы болбодумбу. Көрсө адамды өзүнчөлүк эч ким билбейт экен. Дарыгерлерге "рингге чыгып утуп алдым" десем ишенбей жатышат.

— Интернет тармагына сиздин "мен рингге кайттым" деген ролигиңиз тарап, көп өтпөй КРдин биринчилигин утуп алдыңыз. Видеону сиз жасагансызбы?

— Досум, оператор Чыңгыз Кубатов көптөн бери мен тууралуу тасма тарталы деп жүрөт. Ролик ошонун идеясы менен жаралды.

— Учурда бизде кикбокс боюнча эки дүйнө чемпиону бар эмеспи. Бири Авазбек Аманбеков, экинчиси сиз. Кызыгы кээде экөөңүздөр тең 57 килограмм категориясында күч сынашып каласыздар. Ортодо атаандаштык күчпү?

— Менин туура салмагым 54. Кикбокс федерациясынын президенти Александр Воинов "өлкө ичинде 54 килограмм салмакта сага тең келе турчу эч ким жок, чемпионаттарга чыкпай деле койсоң болот" деген. Ошондо 57 килограммга тажрыйба үчүн чыккам. Оюмча Авазбекке да чоң тажрыйба болду. Ага тең келе турчулар жок калган. Атаандаштык өскөнгө абдан жардам берет. Кечээки өлкө чемпионатында 54 килограммда күчтүү балдар көбөйүп калыптыр. Ичимен кубандым, ошол эле учурда жеңилип калбайын деп чочуладым.

— Демек чемпионат оңойго турбаптыр да?

— Рингге чыгышыма баары каршы болуп жаткандан кийин утушум керек эле. Эми алдыда Азия чемпионаты өз үйүбүздө өтөт.

— Авазбек менен жашоодо мамилеңер кандай?

— Абдан жакшы. Эл "экөөңөрдү түшүнбөйбүз, кучакташып дос болуп жүрүп эле рингден мушташып каласыңар" деп калышат.

— Кикбокста жыйынтыкты 2012-жылдан тарта көрсөтө баштадыңыз. Ага чейин эмне менен алектендиңиз? 

— Бала кезимен эркин күрөш менен алектенип, өзүм туулуп өскөн Аксы районунун чемпиону аталып, облустук мелдеште финалга чейин жеттим. Анда балдарды кара күчкө салып эле утчумун. Тентегим башыман ашкан, шок бала болчумун. Кайсы гана спорттун түрү болбосун чемпион болгум келчү.

2008-жылы Бишкекке келип өзүм окуган Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин залында машыктым. Бирок ал жак көп жакчу эмес, кирсем башым ооруй берчү, жердин астында болчу да.

Победитель международного турнира по мас-рестлингу Arnold Classic 2018 Азат Таштанбеков - Sputnik Кыргызстан
Таяк тартыш чебери Азат: Арнольд Шварценеггерди көрүп абдан таң калдым
Бир күнү Шералы Сыдыков атындагы спорт мектепте жаштар арасында КРдин чемпионатына катыштым. Биринчи айлампада утуп, экинчи айлампага даярданып атсам, спорт мектептин балдары "эгер утчу болсоң, интернаттан соо кетпейсиң" деп коркутушту. Агайым "күрөшө бер, бирдеме болсо мен жооп берем" деп жаткан. Экинчи айлампада тең чыгып, үчүнчүгө келгенде балдардын сүрөөнү чочуттубу бейм, жеңилип калдым. Чыккандан кийин агайымды таппай калдым. Анан 30 бала келип сабап кетти. Ошондон кийин көңүлүм келбей машыгууга барбай койгом.

Кафеде музыкант болуп да иштегем. Ал жакта күндө мушташ, көзүмдүн көгү кетчү эмес, бейбаш да элем. Байкемдин Арстан аттуу досу эрежесиз урушка алып келип, кикбокс боюнча машыктыруучу Алтай Өмүрбаев менен тааныштырды. Башында бокс жана ММАдин вале-тудо версиясы боюнча мелдештерге чыгып жүргөм. Кийин кикбокстан өзүмдү таптым.

Азия оюндарында (2013) жана дүйнө чемпионатында (2013) коло медаль, дүйнө кубогунда (2012, 2014), Азия чемпионатында (2012, 2015) жана дүйнө биринчилигинде (2015) алтын тагынгам. Ошондой эле Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү аталдым.

— 2016-жылы профессионалдар арасында эрежесиз уруш боюнча Nomad Fights турнирин утуп алгансыз. Бул спорттун түрү боюнча дагы да болсо күчүңүздү сынайсызбы?

— Кикбокста элдин үмүтүн толук актай элекмин. Алдыда бир канча мелдеш бар, ошондон кийин ММАге өтүшүм мүмкүн. Каалоо бар.

— Чыгармачылыгыңызда эмне кеп?

— Айылда жүргөндө эле ырдачумун. Арабаев атындагы окуу жайдын музыкалык бөлүмүн аяктагам. Кафеде музыкант болуп бир топ жыл иштедим. Ырлардын сөзүн, обонун өзүм жаратам. "Алга", "Жерим Кыргызстан" аттуу ырларыма клип тарттыргам. Патриоттук ырлар жагат. Сүйүү тууралуу да ыр жаздыргам, клип тарттырайын деп чолом тийбей жүрөт.

— Сүйүү тууралуу ыр жазганыңызга караганда башыңызга сүйүү келген го?

— Балким.

— Ырчы деп атаган жагабы же спортчубу?

— Албетте, спортчу.

© Sputnik / Табылды КадырбековКасымбеков: кафеде музыкант болуп бир топ жыл иштедим. Ырлардын сөзүн, обонун өзүм жаратам
Чемпион мира по кикбоксингу, кыргызстанец Улан Касымбеков - Sputnik Кыргызстан
Касымбеков: кафеде музыкант болуп бир топ жыл иштедим. Ырлардын сөзүн, обонун өзүм жаратам

— Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

— Бүлөм чакан. Атам Кербен шаарындагы ооруканада жана маданият үйүндө сүрөтчү, апам бала бакчада тарбиячы. Эки бир тууганбыз. Карындашым студент.

— 10-жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?

— Операциядан кийин алдыга узак план койбой, учурду баалап калдым.

Жаңылыктар түрмөгү
0