БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Ушул жуманын соңу 8-апрелден тарта шаардын үч кыймылдуу көчөсү оңдоо иштерине байланыштуу жабыла турганын мэрия билдирди.
Ремонт иштери төмөнкү бөлүктөрдө жүрөт:
— Чүй проспектисинин Шабдан баатыр көчөсүнөн Айтматовго чейинки бөлүгү (түндүк тарабы) — 15 майга чейин;
— Шабдан баатыр көчөсүнүн Чүй проспектисинен Анкара көчөсүнө чейинки бөлүгү (батыш тарабы) — 10-июлга чейин;
— Чүй проспектисинин Павлов көчөсүнөн Жаш Гвардияга чейинки бөлүгү — 1-июлга чейин.
Унаа тыгындарын алдын алуу үчүн айдоочуларга башка жолдорду тандап алуу сунушталат.