"Манжаң менен адам көтөр". Белгилүү флешмоб Кыргызстанда да кайталанды

Жазылуу
Бишкектик төрт кыз болгону эки манжасы менен отургучта отурган жигитти ордунан көтөрүп койду. Буга ишенбей жатасызбы? Анда видеону көрүңүз!

Кокаин, милиция, автомат... Бишкекте жигит сүйүктүүсүнүн колун коркутуп сурады - Sputnik Кыргызстан
Кокаин, милиция, автомат... Бишкекте жигит сүйүктүүсүнүн колун "коркутуп" сурады
Социалдык тармактарда Finger challenge аталышындагы флешмоб жүрүп жатат. Анын эрежесине ылайык, отургучта отурган адамды төртөөлөп көтөрүү керек. Болгонда да эки манжасы менен гана көтөрүүгө тийиш. Муну жасоо жеңил эмес, бирок жолун тапса болот.

Эксперименттин катышуучулары алгач отургучта отурган адамды көтөрө албай коюшту. Кийин алар оюндун "ырымын" жасашты. Анда кыздар отурган адамдын башына колдорун бири-бирине тийбегидей кылып катары менен тизет да кайра ирети менен тартып алышат. Ошондон кийин гана отурган жигитти оңой эле көтөрүп салышты. Буга өздөрү да таң калып жатышат.

Аталган флешмоб соцтармакка бир жыл мурун чыккан. Бирок Кыргызстанда анча белгилүү болгон эмес. Мунун Бишкекте беш ирет гана кайталанган.

Жаңылыктар түрмөгү
0