Ормонов Улугбек Зулпукарович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековОрмонов Улугбек Зулпукарович
Ормонов Улугбек Зулпукарович  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улугбек Ормонов 1963-жылы 3-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Баштөбө айылында туулган.
Билими:
1986 — Воронеж политехникалык институтунун физикалык-техникалык факультетинде окуган;
1992 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн;
2008 — Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясынан "Юриспруденция" боюнча окуган;
Эмгек жолу:
1980 — Өзгөн районунун "Өзгөн" совхозунда жумушчу;
1986-1988 — "Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы жабдуу курулуш заводунда" чебер;
1988–1991 — "Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы жабдуу курулуш заводунда" өндүрүш цехинин башчысынын орун басары;
1991-1992 — "Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы жабдуу курулуш заводунда" цехтин башчысы;
1992-1993 — "Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы жабдуу курулуш заводунда" экономикалык суроолор боюнча директордун орун басары;
1993-1997 — "ТНК "Дастан" ишканасы, экономикалык маселелер боюнча вице-президент;
1997-2004 — "ТНК "Дастан" ишканасы, башкы директордун экономикалык маселелер боюнча орун басары;
2004-2005 — "ТНК "Дастан" ишканасы, коммерциялык директор;
2005-2006 — КР Жогорку Кеңешине №38 бир мандаттуу округунан депутат, эмгек жана миграция саясаты боюнча комитеттин төрагасы;
2007 — "ТНК "Дастан" ишканасы, башкаруучулугунун төрагасы;
2007 — КР Жогорку Кенешинин депутаты, өндүрүш, соода, туризм, ири жана кичи бизнес, транспорт, байланыш, курулуш жана архитектура боюнча комитетинин төрагасы;
2009-2010 — Жогорку Кеңештеги "Ак-Жол" фракциясынын лидери;
2014 — "ФККС" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү;
2016 — КР Жогорку Кенешинин VI чакырылышында "Бир Бол" партиясынан депутат.
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
Наамдары:
Мамлекеттик кызматтын II класстагы кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер;
Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык кызматынын отличниги.
Сыйлыктары:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине 70-жыл", Россия суу алдындагы флотунун 100-жылдыгы, КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 15 жылдыгына арналган медалдар менен сыйланган.
Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгына, достугуна жеке салым кошкондугу үчүн Улуу Петр II даражадагы ордени менен сыйланган.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0