— Чыгармачылыктагы алгачкы кадамыңызды "Космонавттар көчөсү" тасмасынан баштаган экенсиз. Ага кандайча тартылып калдыңыз эле?
— Ооба, анда 10 жашта болчумун. Атам жакшылап окуп, бир кесиптин ээси бол деп айылдан Фрунзеге жиберген. Шаарда турган актер Асанкул Осмонов агамдыкына келип жашап калгам. Айылдан келген жаным орусча бир сөз билбегендиктен кайра биринчи класска отургам. Мектепте жалаң артист, жазуучу, мамлекеттик кызматкерлердин балдары билим алчу. Ошондо азыркы Фрунзе музейинин короосундагы эски театрда жашачубуз. Көчөдө ойноп жүрсөк "Комонавттар көчөсү" тасмасына балдарды издеп жүрүшүптүр, ошентип бир эпизодуна катышып калгам. Театрда дагы кичинекей балдардын ролун ойной берчүбүз. Эсимде, "Атанын тагдыры" спектаклинде үч баланын "ата, сүйүнчү!" деп кыйкырып келген жери бар, ошого кайра-кайра чыга берчүбүз. Ошентип аралашып жүрүп эле кызыгып кеттим.
— Ошону менен эле киного тартылып, театрда ойноп калдыңызбы?
— Жок, кийин мектепти бүткөн соң курулуш техникумуна тапшыргам. Окуп жүргөндө "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасына тартылуу үчүн кетип калып, техникумдан чыгып кеттим. Анан "Уркуяда" роль жаратып, кийин "Көчө" фильминде башкы каарманды ойноп тушоом кесилди. Ошентип кино артынан киного тартылып, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын студиясын бүтүрүп ал жакта иштеп калгам.
— Ата мекендик театр, кинематография гүлдөп турган кезде залкарлар менен чогуу иштедиңиздер, аларды сагынасызбы?
— Жыйырмадай тасмада роль жаратып, кийин 1990-жылдары тартылбай калган экенсиз. Ошол учурда эмне менен алек болдуңуз?
— Ал кезде маданият тармагы каралбай кеткен. Киностудия жабылып, кыргыз академиялык драма театры иштебей калган. Бирок ага карабай жумушка келип, айлыкты эптеп алып, радиого бир нерсе окуп берип турчубуз. Ал эми айыл жериндеги маданият үйлөрү мал камаган сарай болуп кете жаздаган. Чыгармачыл инсандар такыр эле унутта калганбыз, мына эми азыр кичинеден көтөрүлүп келе жатабыз.
— Азыр өсүп келе жаткан жаш таланттар менен чогуу иштешип жатасыз. Алар боюнча эмнелерди айта аласыз?
— Бизден улуу актерлор "ордуңду баса тургандар барбы" деп сурап калаар эле. Ошондо менин курагымдагыларды көрүп "бар экен" деп кубанып калышчу. Мен дагы азыркы жаштарды көрүп аябай ыраазымын. Мыкты спектаклдерди жалаң жаш кыздар, балдар ийине жеткире коюп, эл оозуна алынып жатышат. Драматургия жагынан аксап жаттык элек, Кудайга шүгүр, Кайрат Иманалиев, Бактыгүл Чотурова кайра жандантууда.
— Киного тартылууга чакыруулар болуп жатабы?
— 65 жашка чыксаңыз дагы кино, сахнада азыркыга чейин роль жаратып келесиз, арманыңыз жок болсо керек?
— Кудайга шүгүр, жок. Кино жана театрда кичинекей баладан тарта ак сакалдарга чейин ойнодум. "Баланча образды жарата албай калдым" деген өкүнүч жок. Себеби бардык жанрда өзүмдү көрсөтө алдым деп ойлойм. Ден соолук болуп турса иштеп турганга эмне жетсин.