БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Фитнес менен машыгып жаткан 93 жаштагы кемпирдин видеосу интернет айдыңында кызуу талкууга алынууда. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Видеодон байбиче отурган тейде машыктыруучу көрсөткөн кыймылдарды кыраан каткырыкка түшүп кайталап жатканын көрүүгө болот.
Роликти Twitter тармагына @joana_zanin10 деп катталган машыктыруучунун кызы жүктөгөн.
My mom trains this 93 year old and it’s the cutest thing ever. Her laugh and smile makes her young #blessed pic.twitter.com/oeRWylrLV4
— jo (@joana_zanin10) 15 февраля 2018 г.
"Менин апам 93 жаштагы байбичени машыктырат. Бул мага абдан жагымдуу маанай тартуулайт. Жылмаюсу жана күлкүсү аны уламдан улам жашартууда", — деп жазган ал.
Бул го фитнес экен, пенсильваниялык (АКШ) 94 жаштагы кемпир туулган күнүн парашют менен секирип белгилеген.