Артыков Анвар Артыкович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Артыков Анвар Артыкович
Депутат Артыков Анвар Артыкович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анвар Артыков 1951-жылы 30-ноябрда Ош облусунун Ош шаарында төрөлгөн

Билими:

1977 — Анжияндагы (Өзбекстан) пахтачылык институтун "инженер-механик" адистиги боюнча бүтүргөн;

1989-1991 — КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын угуучусу.

Эмгек жолу:

1966 — Кыргыз ССРинин Турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Оштогу кеңсесинде мехсантазалоочу жумушчу;

1979-1981 — Оштогу автобазада башкы инженер;

1981-1984 — Ош регионалдык борборунда КамАЗ автомашиналарын тейлөө жана запастык бөлүктөр менен камсыз кылуу боюнча директор;

1984-1991 — Ош обкомунун өнөр жай бөлүмүндө инструктор, партиянын Жалал-Абад обкомунун экинчи катчысы, Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин иш башкаруучусу кызматтарын аркалаган;

1990-2000 — Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты, КР Жогорку Кеңешинин депутаты;

2004-2005 — Бүткүл дүйнөлүк банктын энергетика тармагы боюнча долбоорунун директору;

2005 — Ош облусунун эл депутаттар кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Ушул эле жылы Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган;

2010 — КР Жогорку Кеңешинин V чакырылышында "Ар-Намыс" саясий партиясынан депутат болуп келген;

2015-жылдын 4-октябрында КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышында Кыргызстан социал-демкратиялык партиясынан (КСДП) депутат болуп келген.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти.

Жаңылыктар түрмөгү
0