БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Оюн Испания чемпионатынын экинчи дивизионунун алкагында өткөн.
When a goalkeeper scores a goal normally the opposition goalkeeper misjudges the bounce of the ball.
— Yousef Teclab (@yousefteclab) 20 января 2018 г.
Not Lugo's Juan Carlos. What a strike this was. No mercy whatsoever to Sporting Gijon's Diego Mariño. (Video via @LaLiga) pic.twitter.com/RrRdI8tC4S
Eurosport спорттук жаңылыктар сайты жазгандай, "Луго" клубунун дарбазачы Карлос оюн талаасынын чок ортосунун ары жагынан же болбосо каршылашынын дарбазасынан 65 метр алыс аралыкта туруп тепкен тобу ийгилик алып келди. "Спортинг" командасынын дарбазачысы алыста тургандыктан коргоого жетишпей калган.
Натыйжада 3:1 эсеби менен "Луго" клубу жеңишке жетишкен. Ал күнү Карлос 30 жашка чыгып туулган күнүн белгилеп жатканы белгилүү болду. Бул футболчунун карьерасындагы эң алгачкы киргизген тобу болуп калды.