Сахара чөлүнө кайрадан кар түштү. Сүрөт

© REUTERS / SOCIAL MEDIAСахара чөлүндөгү кар
Сахара чөлүндөгү кар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чөлгө жекшемби күнү эртең менен кар түшүп, кечке жуук эрий баштаган

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Сахара чөлүнө кайрадан кар түшкөнүн америкалык CBS News телеканалы кабарлады.

​Маалыматка караганда, кар жекшемби күнү эртең менен Алжирдин Айн-Сефра шаарына түшкөн. Бирок кечке жуук эле эрий баштаган.

Кар баскан чөлдү Карим Бушетат аттуу фотограф тартып алган. Кийин сүрөт интернет айдыңына тараган.

Африканын чөлүнө акыркы жолу 1979-жылдан бери биринчи жолу 2016-жылы кар жааган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0