БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Ага ылайык, чек ара 30-декабрдан 1-январга чейин жабык болот. 2-январдан тарта кадимки калыбында иштей баштайт.
Кытай тарап чек араны Жаңы жыл майрамдарынан улам жабууну демилгелеген.