БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде "Игры престолов" сериалындагыдай темир такты пайда болду.

Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги "Игры престолов" сериалындагы темир такты
Ал Кыргызстандын эл аралык университетинин алдына орнотулуп, көлөмү өтө чоң эмес.
"Игры престолов" — фэнтези жанрындагы америкалык популярдуу сериал. Ал жазуучу Жордж Мартиндин "Песнь льда и пламени" аттуу романынын негизинде тартылган. Сериалдын тартуучулары "Эмми" абройлуу сыйлыгын 38 жолу алган.
