Лириканын, сатиранын, котормонун жана драманын чебери өз убагында эмнеге бааланбай калган деген суроо өзүнөн-өзү жаралган учурлар да жок эмес.
Туулган жери туура эмес берилип келет. Мидин Алыбаев бул жарык дүйнөдө 42 жыл гана өмүр сүргөн. Буга чейинки окуу китептеринде, адабий изилдөөлөрдө, хрестоматияларда, ар кандай маалыматтамаларда Мидин Алыбаев Жумгал районунун борбору Чаек кыштаганда туулган деп айтылып-жазылып келсе, жакында Кыргыз Республикасынын эл мугалими, маданиятка эмгеги сиңген ишмер, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев анын 1917-жылы ноябрь айынын алгачкы он күндүгүнүн биринде Жумгал районундагы Миң-Теке жайлоосунун Кайың-Суу конушунда жарык дүйнөгө келгенин жазып чыкты.
Беш жашында жамактап ырдаган. Мидиндин апасы куяңдап ооруп, байкелери аял албай, ооруган белин эптеп көтөрүп оокат кылып аткан Бегим апасына бала агаларын какшыктай мындай ырдаптыр:
"Атың – Бегим,
Оорулуу болду белиң.
Же сенде жок келин!"
Ошол кезде ал беш гана жашта экен.
Мидин – парашют менен секиргенде… Акын 1938-1940-жылдагы орус-фин согушуна катышкан. Бир жолу самолёттон секирип, шамалдын багытын туура эмес эсептеп алып, жалгыз бой кемпирдин тамаркасына түшүп калат да, бутун сындырып, ал жерде бир топ күн жатып, анан аскердик бөлүгүн таап барат. Ошондо сынган бутунан кийин сылтып басып жүрчү.
Көп аял алган, бирок бир да аялы менен жаман айтышып ажырашпаган. Мидиндин биринчи аялы Гүлнара – элге таанымал казак кызы эле. Экинчи аялы – атактуу акушер болгон, андан Анара аттуу кызы бар. Үчүнчү аялы – Жыпариза, ал эжекебиз да колунан калемин түшүрбөй жазып келди. Андан Мидиндин төрт кызы, Медер аттуу уулу тукумун улап жүрөт. Айтмакчы, Мидиндин экинчи аялы акушер катары акындын үчүнчү аялы Жыпаризанын төрөтүн кабыл алган, ал ошондо жарык дүйнөгө келген Медердин киндик энеси болгон.
Владимир Маяковскийге акындык отчёт жазган. Алыбаевдин "Владимир Маяковскийге акындык отчёт" деген ыры өз кезегинде да, бүгүнкү күнү да бир кыйла оргиналдуулугу менен айырмалант. Акын өнөрдүн ыйык милдети, кыргыз жазуучуларынын чектелген ой жүгүртүүлөрү, чыныгы адабият жана халтурщиктер тууралуу Маяковскийдин стилин туурап, ыр саптарын сындырып, эркин ыр формасында поэма жазган. Дал ушул поэманын таасиринде, Байдылда Сарногоев "Мидинге кат", Эсенгул Ибраев "Мидинге кат", Жолоочу Рысбаев "Бизге керек бир Мидин" деген чыгармаларын жазган.
"Мидин айткандай…", "Мидин мындай дегендей…". Ушундай сөздөр кыргыздар арасында узак жылдардан бери айтылып келет. Чын эле андай оозеки айтылып келген окуялардын бир тобу Алыбаевге таандык болсо, бир тобу ойдон чыгарылып, бир адамдын айланасына топтолуп айтыла бергендей. Мидин кандайдыр бир күлкүлүү жоруктарды көрсөтүп, эл ичинде куйкум сүйлөп, так, таамай, таасирдүү кеп айтып, же кимдин бирөөгө бир куплет ыр чыгарып кете берген да, анысы эл арасында ооздон оозго көчүп айтылып жүргөн. Бул жагынан бир дагы кыргыз акын-жазуучусу Мидиндей "советтик кыргыз фольклорунун" башкы каарманы болгон эмес. А түгүл "кайра куруу", "демократия" дегендер башталган учурда "Мидиндин эшек дептери" деген ат менен жарыялоого "кол барбай" турган чыгармалар да жарыяланып кетти. Алардын баары эле Мидинге таандыкпы, же андай эмеспи, ал эми текстолог адистердин иши.
Өлүм табышмагы. Алыбаевдин 1959-жылдын 3-декабрындагы (айрым булактарды 9-декабрь) капыс жерден өлүмгө учурашы да азыркы күнгө чейин табышмак бойдон, жандырмагы жок келет…