00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Где ИИ действительно полезен, а где только создаёт иллюзию прогресса
12:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы Салык кызматы санариптештирүүгө басым жайсат – ишкерлерди текшерүү токтойбу?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От проконсула до Homo sapiens: как появился человек- беседа о социуме
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Гимн менен "Манастын" автору Жалил Садыков тууралуу 5 факты

© Фото / из семейного архива СадыковыхКыргызский поэт и драматург Жалил Садыков
Кыргызский поэт и драматург Жалил Садыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргыз Эл акыны, драматург Жалил Садыков көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири болгон акын жана драматургду Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактылар менен эскерет.

Бүгүн СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкеева теат сахнасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бакен Кыдыкеева 94 жашка чыкмак... Сахна ханышасы тууралуу кызыктуу 5 факты
Соко айдаган балалык. Акын Жалил Садыков 1932-жылы 23-октябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы согуш маалына туш келип, атасы абакка күнөөсүз камалып, кенедей кезинде талаада соко айдап чоңойгон. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде билим алган. Студент кезинде "Убада" аталышындагы биринчи ырлар жыйнагын окурмандарга тартуулап, эмгек жолун "Кыргызстан пионери" гезитинде баштаган.

Гимндин автору. Өзүнүн чыгармачылык жолунда ал ар кыл темаларга кайрылып, жан дүйнөсүнөн өткөрүп 20дан ашык ыр жыйнактарын чыгарган. Алсак, "Жайкы таңда", "Жоогазын", "Сырдашуу", "Сары-Өзөн", "Топ жылдыздар" китептери жарык көргөн. Анын калеминен жаралган ондогон ыр обонго салынып эл арасында ырдалып келет. Эң негизгиси Садыков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин сөзүн Шабданбек Кулуев менен чогуу жазган.

© Фото / из семейного архива СадыковыхЖалил Садыков Жазуучулар союзунун төрагасы болуп эмгектенген
Жалил Садыков Жазуучулар союзунун төрагасы болуп эмгектенген - Sputnik Кыргызстан
1/4
Жалил Садыков Жазуучулар союзунун төрагасы болуп эмгектенген
© Фото / из семейного архива СадыковыхАкын "Ленинчил жаш", "Кыргызстан маданияты" гезитининин башкы редактору болгон
Акын Ленинчил жаш, Кыргызстан маданияты гезитининин башкы редактору болгон - Sputnik Кыргызстан
2/4
Акын "Ленинчил жаш", "Кыргызстан маданияты" гезитининин башкы редактору болгон
© Фото / из семейного архива СадыковыхДраматург кыргыздын Султан Раев, Эгемберди Эрматов, Меңди Мамазаирова өңдүү уул-кыздарына устат болгон
Драматург кыргыздын Султан Раев, Эгемберди Эрматов, Меңди Мамазаирова өңдүү уул-кыздарына устат болгон - Sputnik Кыргызстан
3/4
Драматург кыргыздын Султан Раев, Эгемберди Эрматов, Меңди Мамазаирова өңдүү уул-кыздарына устат болгон
© Фото / из семейного архива СадыковыхТоктогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жалил Садыков жазуучу Маштай Кудаев менен
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жалил Садыков жазуучу Маштай Кудаев менен - Sputnik Кыргызстан
4/4
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жалил Садыков жазуучу Маштай Кудаев менен
1/4
Жалил Садыков Жазуучулар союзунун төрагасы болуп эмгектенген
2/4
Акын "Ленинчил жаш", "Кыргызстан маданияты" гезитининин башкы редактору болгон
3/4
Драматург кыргыздын Султан Раев, Эгемберди Эрматов, Меңди Мамазаирова өңдүү уул-кыздарына устат болгон
4/4
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жалил Садыков жазуучу Маштай Кудаев менен

Көп кырдуу талант. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты поэзия менен гана чектелбестен, драма жаатында жемиштүү эмгектенген. Ал "Манас" үчилтигинин негизинде "Манастын уулу Семетей", "Сейтек" драмасын жана түрдүү жанрдагы ондогон пьесаны жазган. Александр Пушкин, Михаил Лермонтов, Расул Гамзатов, Тарас Шевченко, Омар Хаям, Кайсын Кулиев жана Ясыр Шивазанын чыгармаларын дагы кыргыз тилине которгон.

Шинель М.В.Фрунзе - Sputnik Кыргызстан
"Бетме-бет" повести жөнүндө 11 факты. Дезертир Ысмайыл авторго ыраазы болуп
Маданият жана коомдук ишмер. Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер "Ленинчил жаш", "Кыргызстан маданияты" гезитинде башкы редакторлук кызматты аркалаган. Жазуучулар союзунун төрагасы, легендарлуу парламенттин депутаты болгон.

Туулган күнүндө акыркы сапарга узаган. Садыковдун абдан жөнөкөй адам болгондугун айтышат. Драматург жаштардын чыгармачылыгына ар тараптан колдоо кылып Султан Раевге, Эгемберди Эрматовго, Меңди Мамазаировага устаттык кылып, жол көрсөткөн. Кыргыз Эл акыны өмүрүнүн аягына чейин калемин колунан түшүрбөй жүрүп, жети жыл мурда 78 жашында дүйнөдөн кайтып, туулган күнүндө жерге берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0