00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Бишкеку - 148: история города, которую можно пройти пешком
08:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Трудности перевода: почему кыргызским писателям не хватает переводчиков
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Балдардын суудагы коопсуздугу толугу менен ата-энелеринен көз каранды!». Сууга түшүүдө кандай коопсуздук эрежелерин сактоо керек?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше денег, меньше вакансий: изменит ли реформа кадровый кризис в школах КР
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
13:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мидин Алыбаев — өмүр баяны

Жазылуу
Акын, драматург жана котормочу Мидин Алыбаевдин өмүрү жөнүндө Sputnik таржымалынан таанышыңыз.

Мидин Алыбаев 1917-жылы Нарындын Жумгал районуна караштуу Чаек айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Азан чакырып койгон аты Асамидин болчу экен. 

Кыргыз эл акыны, жазуучу жана драматург Кубанычбек Маликов - Sputnik Кыргызстан
Кубанычбек Маликов — өмүр баяны
1931-жылы айылдын жети жылдык мектебин аяктагандан кийин Фрунзенин педтехникмунда билим алып, андан соң комсомолдук кызматкерлердин окуусун бүтүргөн. 

1936 – 1938-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинде иштеп жүрүп, 1938-жылы Советтик аскерлердин катарына чакырылган. 1940-жылга чейин кызмат өтөп, ак финндерге каршы согушка катышкан. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жана андан кийин респубилканын түрдүү гезит-журналдарында эмгектенген. 

Мидин Алыбаевдин 1934-жылдары башталган чыгармачылык турмушу көп кырдуу болгон. Ошентсе да, акын көпчүлүк күч-жөндөмүн поэзияга берген. Мидиндин ырлары бир жагынан терең лирикага толуп турса, бир жагынан сатиралык курч мазмунга ээ. Акын салттык сөз ыргактары менен ошол кезде жаңы калыптанып келе жаткан жаңы поэзиялык агымдардын ыкмаларын чеберчилик менен айкалыштыра билген. 

1937-жылы Мидин Алыбаевдин "Бактылуу жаштык" деп аталган биринчи ырлар жыйнагы жарык көрөт. Китептин кириш сөзүн жазган акын Кубанычбек Маликов Мидинге "келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш акын" деп баа берген. Анда акындын алгачкы мыкты сатиралык жана лирикалык чыгармалары топтолгон эле. Ал эми жалаң гана сатира жаатында жазылган ырлары кийинчерээк "Акчүч", "Мидин" жана башка аттар менен өз алдынча жыйнак болуп чыккан. Ошондой эле Мидиндин калемине бир катар аңгемелер, жомоктор, баяндамалар жана ошол кездеги курч социалдык темаларга арналган ар кыл фельетондор тандык. Анын "Маяковскийге поэзиялык отчет" публицистикалык поэмасы, "Курорттогу окуя", "Жантектин керээзи" аттуу пьесалары кенен белгилүү болгон. Ошондой эле акын Пушкиндин, Лермонтовдун, Маяковскийдин мыкты котормочуларынын бири болуп эсептелет. 

Желек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байдылда Сарногоев — өмүр баяны
Мидин сүрөттү да жакшы тартчу экен. Кызы Зарема апанын эскерүүсүндө, акын карикатураларды мыкты тартчу. Баса, Зарема Мидинова кесипкөй сүрөтчү. 2000-жылдардагы "Алиппе" окуу китебиндеги бардык сүрөттөрдү тарткан. Ал өзү айткандай, атасынын сүрөтчүлүк шыгы ага ооптур. 

Мидин Алыбаев 1959-жылы 6-декабрда күтүүсүз жерден каза болгон. Жакындарынын эскерүүлөрүнө караганда, ошол күнү акындын үй-бүлөсү мейман күтүп жаткан. Бир маалда эле үй ээси "коноктор келгенче сейилдеп" келмекчи болуп сыртка чыгып кетет. Бирок ошол боюнча кайтып келбейт. Акын башына каттуу сокку жеп оор абалда жаткан жеринен көчөдөгүлөр таап ооруканага жеткиргенден кийин көз жумган экен. 

Мидин Алыбаевдин кокустан эле жана табышмактуу өлүмү анын үй-бүлөсү үчүн эле эмес, достору, устат-шакирттери, деги эле поэзия сүйүүчүлөрү үчүн күтүүсүз жана чоң жоготуу болгон. 

Калеминен жаз гүлүндөй, тоонун жумшак желиндей назик ырлар менен кошо, бычактын мизиндей курч, аткан октой таамай, ачуу да, адилет да сатиралык чыгармалар төгүлүп, куйкум сөзү өлгөн адамды күлдүргөн Мидинди жоктогондор көп болгон дешет замандаштары. 

Окуучу китепканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Насирдин Байтемиров — өмүр баяны
Акындын шакирти Байдылда Сарногоев бул жөнүндө төмөнкүдөй ыр саптарын жараткан:

Талантың таңкы чолпон жылдыз эле,

Таптаган мүнүшкөрүң турмуш эле,

Аялдар акын төрөйт, баатыр төрөйт, 

Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне!

Адабий сынчылардын пикиринде, биздин заманга чейинки байыркы доордогу Гораций, Овидий, Европанын кайра жаралуу доорундагы Петрарка, Данте, Байрон, Гете, 19-кылымдагы Пушкин, Лермонтов, 20-кылымдагы Есенин сыяктуу дүйнөнү дүңгүрөткөн акындар "улуу" деген наамга чындап татыктуу болушканы менен, бири да Мидин Алыбаев өңдөнүп лирика менен кошо сатираны тең жаза алышкан эмес экен. Мидиндин кайталангыс өзгөчөлүгү ушунда болгон. 

Сатирик катары ал “Балтек жөнүндө баян”, “Кызматтан түшкөн короз”, “Карга менен сагызган”, “Бак жана жылан”, “Түлкү менен кашкулак” сыяктуу бир топ тамсилдери жаратып, өтө көйгөйлүү темаларды сатиралык маанайда терең ачып берген.

Дагы бир кызыктуу көрүнүш, Мидин Алыбаевдин чыгармачылыгында достук азилдери, эпиграмма жанрындагы саптар чоң орунду ээлеген. Акын замандаштарынын эсинде ары шайыр, ары сөзмөр, бирок көзүнө кабыла калган бир кичине да калыссыздыкты жөн калтырбай ырга салып угуза калган, чындыкты бетке айткан адам катары сакталган. "Чалкан дос", "Осмонаалы лөөкүй", "Дүжүр бука" сыяктуу чыгармаларын окуган адам муну таасын сезет. 

Ал эми "Жомокчу мерген", "Эки бүркүт”, "Эмне үчүн короз таң алдында чакырат" аттуу чыгармалары акындын балдар адабиятына кошкон салымы катары бааланат.

Мидиндин окуяларынан айрым мисалдар: 

Согуш учурунда Мидин Алыбаев өз мекени Жумгалга көчүп барат. Так жолго чыгарда эле ал бир жакка жок болуп кетип, бир маалда, бооруна бир күчүк катып келип калат. Акын, көрсө, өкүл атасы жана устаты Аалы Токомбаевге коштошкону барса, ал кошо ала кетип багып ал деп бир күчүгүн берген экен… Бир топ мезгилден кийин Мидин Аалыга мындай кат жазыптыр.

Аалыке!

Баягы өзүңүз берген кабылан,

Кабаанак болду абыдан.

Өзүңүздү тартыптыр, өжөрлүгү жагынан.

Короого киши жолотпой,

Жумгалга болду таанымал.

"Аалыкенин ити"- деп,

Белгилүү кыргыз жазуучулары Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Мукай Элебаев (оңдо акыркы) Эркиндик бульварында эс алууда. Фрунзе 1940 - Sputnik Кыргызстан
Мукай Элебаев — өмүр баяны
Алыста жүрсөм сагынам!

Акын өтө кыска өмүр сүргөнүнө карабай, өзгөчө бир чыныгы лирикалык чыгармаларды таштап кетти. Ал кыргыз жеринин ажайып кооздугун, баа жеткис асыл касиетин даңазалап кетти. 

Соң-Көл

Жээгиңде турдум, Соң-Көл, болдум сынап,

Көйкөлүп көлкүп жаткан сен бир сымап,

Сөөлөтүң, сулуулугуң кубандырды,

Эзилтип жүрөгүмдү кытыгылап.

Берилип, куштар болуп, жедеп сага,

Кээде, шат, кээде мени алат санаа.

Кайгысыз, ойсуз, муңсуз кайкып учкан,

Кап чиркин каз-өрдөгүң болсом гана…

Жаңылыктар түрмөгү
0