Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жума күнү өлкө аймагында күн бүркөө болгону менен жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө 0…5 градус суук болсо, Талас өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл облусунда 1…6 градус жылуу болсо, Нарында 1…6 градус нөлдөн төмөн болот.

Бишкек шаарын туман каптап, 2…4 градус суук болсо, Ошто күн ачык болуп, абанын температурасы 2 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0