БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Улуттук филармониянын алдындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" тобунун көркөм жететкчиси, белгилүү ырчы Мурадил Сагыналиев каза тапты. Бул туурасындагы маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине анын кесиптештери тастыктады.
"Ал ооруп жаткан, бүгүн Бишкек шаардык №2 клиникада каза тапты", — деди кесиптеши.
45 жаштагы ырчынын сөөгү Бишкек шаарындагы үйүнөн чыгары айтылды. Маркумдун артында бир уул, бир кызы калды.