БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Алматы — Бишкек унаа жолунда жүргүнчү ташыган автобус оодарылып кетип, эки адам каза болгонун Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Жол кырсыгы аталган жолдун 62-чакырымындагы Узынагаш айылында болду. Көз жумган эки адамдан тышкары райондук ооруканага 10 киши жеткирилди. Алардын бири өспүрүм.
Окуя болгон жерде полиция кызматкерлери иштеп жатат. Укук коргоо органдарынын билдиришкендей, Шымкенттен Алматыга бара жаткан автобустун ичинде 43 адам болгон.
Алдын ала маалымат караганда, 41 жаштагы айдоочу тайгактан улам унаанын рулун башкара албай калган.
Бул факты боюнча иликтөө иштери башталды.