Жээнбеков Россиядан Владимир Путинге жолугуп, ага биринчи даражадагы "Манас" орденин тапшырды. Ошондой эле өлкөнүн премьери Дмитрий Медведев менен да кезикти. Андан сырткары, эл аралык КВН биримдигинин президенти Александр Масляков менен жолугуп, ага "Достук" орденин ыйгарды.
Ал эми Белоруссияга болгон сапарынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, эки мамлекеттин ортосунда болуп жаткан бардык маселелер боюнча пикир алышты.
Ошондой эле кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал жакын арада чечиле турганын эки өлкөнүн президенттери баса белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков сапар алдында учактын капитаны менен

КР президенти өзүнүн чет жакка болгон алгачкы сапарын Россиядан баштады

Александр Масляковго "Достук" орденин тапшыруу учуру

Жээнбеков КВНдин жайкы кубогун Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүнү сунуштады

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен

Андан кийин президент Владимир Путин менен жолугушуу болду

Жээнбеков Путинге биринчи даражадагы "Манас" орденин тапшырды

Жээнбеков Россияга 29-ноябрда жумушчу сапары менен барган

Сооронбай Жээнбеков ЖККУнун кезектеги жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына барды

Ал жактан Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, кыргыз-казак чек арасындагы маселелер боюнча пикир алышты

Мамлекет башчылары жакын арада бир туугандык мамиле жолго коюларын бир ооздон билдиришти

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Сооронбай Жээнбековду кызматка киришүүсү менен куттуктады

Соцтармакта катуу талкууга түшкөн сүрөт. Көпчүлүк бул ирмемди Путин Кыргызстан менен Казакстанды "элдештирүүгө кам урган" сыяктуу кабыл алууда

Өлкө башчылары ЖККУнун жыйынында кеңири курамда дагы жолугушту

Документке кол коюу учуру
