00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:58
2 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Фитоконтроль ЕАЭС на границе: какие риски несет завоз семян и саженцев
08:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Улуу Ата Мекендик согушка арналган сүрөт көргөзмө — жаш муунга кандай сабак берет?
09:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Почему бизнес опасается закона о «потолке прибыли»
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Борбор калаада автоунаа токтотуу системасы санариптештирилет
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Комфорт и цифровые билеты: как меняются железнодорожные перевозки в КР
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Агродиалог 2026: айыл чарбадагы келечектин жол картасы болуп бере алабы
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Социалдык контрактты алгандардын 94,2 % аялдар — мамлекеттик колдоо натыйжа берип жатабы?
15:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Өлкөдөгү мыкты стартаптардын бири "Гидропоника" долбоору кантип түптөлгөн?
17:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Из чего формируется столичный смог и как с ним бороться
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Социалдык контрактты алгандардын 94,2 % аялдар — мамлекеттик колдоо натыйжа берип жатабы?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жээнбеков менен Назарбаев Минскиде чек ара маселесин өз тилинде чечишти. Видео

Жазылуу
Назарбаев чек арада Казакстан жана Кыргызстан тарабынан да көзөмөл орнотуу боюнча чечим кабыл алынганын маалымдады.

Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, эки мамлекеттин актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, бир чечимге келгенин билдирди.

Белгилей кетсек, Жээнбеков Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген.

Эки мамлекеттин президенттери жолуккандан кийин журналисттер үчүн билдирүү жасашты.

"Эки мамлекеттин өкмөтү түзгөн "жол картасы" бар. Эми эки өлкөнүн жумушчу топтору жолугуп ага кол коёт. "Кордай" көзөмөл өткөрүү пунктун убактылуу ачуу жана Казакстан тараптан да, Кырызстан тараптан дагы көзөмөл орнотуу боюнча чечим кабыл алынды. Ошондой эле ЕАЭБден үч киши жүктөрдү карап өткөрүп турат", — деди Назарбаев.

Назарбаев өз сөзүндө Жээнбековду расмий сапар менен Казакстанга чакырганын билдирди.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Казакстандыктар Жээнбековдун келиши менен эки өлкөнүн мамилеси оңолоруна ишенет
Кыргызстандын өлкө башчысы өз кезегинде куттуктоо жана жылуу пикир үчүн Назарбаевге ыраазычылыгын айтты.

"Нурсултан Абишевич менен азыр болуп жаткан бардык көйгөйлөр боюнча сүйлөшүп, бир чечимге келдик. "Жол картасы" бар, эки мамлекеттин өкмөттөрү иш алып барууда. Декабрь айында бул багыт боюнча иштерди аяктайбыз. Чек арада казак тараптан да, кыргыз тараптан да, ошондой эле ЕАЭБ жактан да көзөмөл коёбуз. Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери сүйлөшүлгөн мөөнөттүн ичинде чечилет", — деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы абал 10-октябрдан тарта кыйындай баштаган. Чек арадагы көзөмөл пунктарында чакырымга жеткен кезек күтүүлөр пайда болгон. Расмий Астана мындай кадамды аткезчиликке каршы күрөшүү үчүн жасалып жаткан иш-чара менен байланыштырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0