Кечээ, 22-ноябрда борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын эл аралык "WEF Global 10: Улуу жибек жолунун баатырлары" аттуу юбилейлик турнири болуп өттү.
Турнир алкагында 15 беттеш өтүп, анын үчөөндө алты мушкер WEF уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салышты.
Беттеште "Алгыр" каймана аты менен таанымал кыргыз мушкери Актилек Жумабек уулу россиялык Магомедрасул Магомаевди биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңип, дүйнө чемпиону аталды. Ал эми "Азия аюусу" аталган өзбекстандык Мурод Хантураев Россиядан келген Константин Андрейцевге, "Сайфулло" каймана аты бар кыргызстандык Кылычбек Саркарбаев АКШнын намысын коргогон Али Мухаммедге утулуп, чемпиондук курдан куру калышты.
Беттеште Украина, Россия, Америка, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын мушкерлери ат салышты.

Рейтинг үчүн беттешкен кыргызстандык мушкерлер Айбек Шумкарбеков жана Муса Юсупов

Жеңишти колго алган кыргыз мушкери Муса Юсупов

Турнирде Тажикстдын да мушкерлери күч сынашты

Жеңишке жан үрөгөн Абдулгаджи Газиев (Кыргызстан) жана Абугофор Бобоев (Өзбекстан)

Мушкерлер Рамазан Никарамазанов (Кыргызстан) жана Миртолип Ходжаев (Өзбекстан)

Турнирди эл аралык класстагы калыс Садык Аширов тескеди

Атаандашты сыйлоо — профессионалдуу мушкердин белгиси

Жеңил салмактагы мушкерлер Мырзамидин Пазылов (Кыргызстан) жана Рустам Сайдуллаев (Казакстан)

Нурсултан Розибоев (Өзбекстан) менен Эрболот Өмүрзаков (Кыргызстан) беттеште тең чыкты

Спортчулар үчүн беттеш учурунда күйөрмандардын колдоосу маанилүү

Нурлан Токтобакиев (Кыргызстан) жана Азамат Баходурзода (Өзбекстан). Өзбек мушкеринин салмагы 35 килограммга оор

Чемпиондор көксөгөн кур

WEF уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салышып жаткан Мурод Хантураев (Өзбекстан) жана Константин Андрейцев (Россия). Жеңиш Андрейцевге буюрду

Дүйнө чемпиондугу үчүн Кылычбек Саркарбаев (Кыргызстан) менен Али Мухаммеддин беттеши

Кыргыз мушкери Кылычбек Саркарбаевдин салмагы атаандашы Али Мухаммедден жети килограммга аз

Саркарбаев "Сайфулло" каймана аты менен белгилүү

Тилекке каршы, кыргыз мушкери Кылычбек Саркарбаев жеңилүү ызасын тартып, америкалык Али Мухаммед дүйнө чемпиону аталды

Өзбекстандан келген ММА мушкери Машрабжон Рузибоев

Жумабек уулу Актилек Россиядан келген Магомедрасул Магомаев утуп, дүйнө чемпиону аталды

