БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн көп батирлүү төрт үйдүн курулушу түшкөн жерге капсула салды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.



Билдирүүгө ылайык, Атамбаевдин тапшырмасы менен маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн үйлөрдү курууга 340 миллион сом бөлүнгөн. Көп кабаттуу төрт турак жай 216 батирге эсептелген.
Атамбаев өз сөзүндө маданият чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн үйлөрдүн курулушунун башталышы абдан маанилүү окуя экендигин айтып, мындай социалдык долбоорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарыл экендигин баса белгиледи.
Капсуланы салып, президент көп батирлүү үйлөрдүн курулушун жүргүзүү боюнча бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча тапшырма берди.