Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бейшекеева: мамлекет берген көмүрдүн сапаты дайым эле начар

© Sputnik / Табылды КадырбековПенсионерка Бурулсун Бейшекеева
Пенсионерка Бурулсун Бейшекеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаадагы муктаж үй-бүлөлөргө берилген көмүр нааразычылык жаратты
Бейшекеева: мамлекет берген көмүрдүн сапаты дайым эле начар

Мамлекет тарабынан муктаж үй-бүлөлөргө берилген акысыз көмүрдүн сапаты ар дайым эле жакшы боло бербейт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан радиосуна пенсионер Бурулсун Бейшекеева билдирди.

Ал 6 жылдан бери акысыз көмүр алып жагат.

"Азыр дурус көмүр келиптир деп жатышат. Жылда алган көмүрлөрдүн жарымын гана жаксак, жарымын элеп төкчүбүз. Сапаты начары берилип калчу. Эми журналисттер жаза баштаганда жакшысын ташып калышты окшойт. Дүйшөмбү күнү келгенде бул жактагылар "эки күндөн кийин келиңиз, ошондо сапаттуу көмүр түшөт" деп жөнөткөн", — деди Бейшекеева.

Белгилей кетсек, жыл сайын майыптар, согуштун ардагерлери, муктаж пенсионерлер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет тарабынан 1,5 тоннадан акысыз көмүр алышат. Бул тизмеде катталгандардын саны Бишкек шаарында 4346 үй-бүлөнү түзөт.

Өкмөт тараткан көмүргө карата жаралган нааразычылыктар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан кенен окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0