БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюларын маркумдун туугандары билдирди.
Чолпонбаев борбор калаадагы ооруканалардын биринде бөйрөгүн дарылатып жаткан. Ал 11-ноябрь күнү кечке жуук 40 жаш курагында каза тапты. Ал өлөр алдында кыска мөөнөттүү комага түшүп калганын туугандары билдирди.
Чолпонбаев негиздеген "Табылга" партиясынын өкүлдөрү депутаттын сөөгү 13-ноябрь күнү саат 11.00дө "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюларын билдиришти.