Кантта мас айдоочу бир үй-бүлөнү коюп кетип, таене менен небереси каза болду

Жазылуу
Айдоочу окуя болгон жерден кармалган

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кантта мас айдоочу бир үй-бүлөнү коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарынан милдиришти.

Ага ылайык, жол кырсыгы 12-ноябрда саат 20:00дөр чамасында катталып, мас айдоочу Golf автоунаасы менен үч кишини коюп кеткен.

"Жол кырсыгынан 64 жаштагы таене жана 8 жаштагы небереси каза болгон. Таенеси ооруканага алып келе жатканда жолдон үзүлгөн. Кичинекей кыздын атасы менен апасы бир нече жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Айдоочу окуя болгон жерден качкан эмес. Ал Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп укук коргоо органдарынан маалымдашты.

Жол кырсыгы Пушкин атндагы көчөдө катталган. Окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары аныкташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0