БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. 13-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Бишкек шаарында күндүз 14…16 градус жылуу болсо, Ош шаарында күндүн табы 18 градуска чейин көтөрүлөт.
Чүй жана Талас өрөөнүндө 11…16 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 15…20 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көлдө күндүн табы 15 градуска, Нарында 12 градуска чейин көтөрүлөт.