БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Аида Салянованын инисин туугандары өлүкканадан алып кетишти деп билдирди мурдагы баш прокурордун жактоочусу Улан Жумаков.
Милиция түнкү саат 1.30да белгисиз үч адам Улан Саляновдун үйүнө кирип барып, атып кетишкендигин кабарлаган.
Алдын ала берилген маалыматтарда кылмышкерлер ага эки ирет ок чыгарып, андан соң из жашырган. Салянов алган жаракатынан ооруканага жеткирилген соң каза тапкан.
Жактоочу Жумаковдун маалыматына караганда, сөөктү Ысык-Ата районунун Биринчи май айылына алып кетишти. Анын качан жерге берилерин айыл аксакалдары айтат.
Милиция маркумга кол салгандар түшүп кеткен деп ак түстөгү минивэн унаасын издеп жаткандыгын кабарлады. Бишкек жана Чүй облусунда "Перехват" планы жарыяланган.