20:07 27 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.4683
  • RUB1.0646
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү (22)
748032

Дүйшөмбүгө караган түнү мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновду атып кетишти

42 жаштагы Улан Салянов Бишкекте өлтүрүлгөн. Беткап кийген белгисиз адамдар үйүнө кирип барып атып кетишкен.

Жаңы билдирүү
  • 16:01

    Улан Саляновдун сөөгү 8-ноябрда жерге берилмей болду

    Аида Салянованын киши колдуу болгон иниси Уландын сөөгү 8-ноябрь күнү саат 11.00дө Ысык-Ата районунун Биринчи Май айылында жерге берилет. 

  • 12:55
    Мусулман мүрзөсү. Архивдик сүрөт

    Улан Саляновдун кайда жерге берилери белгилүү болду

    Туугандары Улан Саляновдун сөөгүн өлүкканадан алып кетишти
    Дагы
  • 12:22

    Аида Салянова каза болгон инисинин үйүнө келди

    (0:51 / 5.91Mb / )
  • 11:39

    ИИМ: Улан Саляновдун өлүмүндө саясий боек жок

    Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу иш саясий мүнөздө эместигин ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

    "Бул кылмыштын себептеринин бир нече версиясы каралып жатат. Бирок алардын арасында саясий мүнөздөгүсү жок", — деп айтылат билдирүүдө. 

    Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрга караган түнү өз үйүнөн атып кетишкен. Алган жараатынан 42 жаштагы Салянов каза тапкан. 

    Анын өлүмүнө байланыштуу кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. 

  • 11:25
    Милиция кызматкерлеринини издөө иштери. Архивдик сүрөт

    Улан Саляновдун өлүмү: милиция ак түстөгү минивэн унаасын издеп жатат

    Улан Саляновду өлтүргөндөр издөөгө алынды
    Дагы
  • 10:50

    Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

    Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, ушу тапта өз үйүнөн атылган 42 жаштагы Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

    Улан Саляновдун үйү. Архивдик сүрөт

    Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

    Депутаттын инисин дүйшөмбүгө караган түнү атып кетишкен
    Дагы
  • 10:48

    Улан Саляновдун өлүмүнүн чоо-жайы

    Түндө өлтүрүлгөн Улан Саляновдун аялынын көрсөтмөсү боюнча белгисиз адамдар жолдошун сабап, андан соң эки жолу аткан. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын  маалымат кызматы кабарлады.

    Анда кылмыш түнкү саат 3:00дөр чамасында мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын инисинин үйүндө болгон. Түн жамынып, беткапчан, мээлейчен үч киши курал менен кирип келишкен.

    "Улан Саляновдун аялынын айтымында, ал башка бөлмөдө болгон. Кылмыш болгон маалда келин кыйкырыкты жана аны сабап жатканын уккан. Андан соң эки жолу ок атылган", —деп билдиришти милициядан.

    Учурда окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

    Дом в новостройке Кок-Жар города Бишкек, где неизвестные застрелили Улана Салянова
    © Sputnik / Бактияр Бердибеков
    Дом в новостройке Кок-Жар города Бишкек, где неизвестные застрелили Улана Салянова
    © Sputnik / Бактияр Бердибеков
    Тапанча. Архивдик сүрөт

    Улан Саляновду кантип өлтүрүшкөн: сабалып, эки ирет ок жеген. Кырсыктын чоо-жайы

    Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын инисинин үйүнө түн жамынып, беткапчан, мээлейчен үч киши курал менен кирип келишкен
    Дагы
  • 09:49

    Адвокат: Аида Салянованын өмүрү коркунучта

    Аида Салянованын мурунку жактоочусу Улан Жумаков УКМК депутаттын коопсуздугун камсыздашы керектигин билдирди.

    Ал Салянова башкы прокурор болуп турганда белгисиз адамдар үйүн издегенин эске салды. Мындан тышкары, адвокат Салянова уюшкан кылмыштуулук менен криминалга каршы жигердүү күрөш жүргүзүп келгенин айтты.

    Дүйшөмбүгө караган түнү Салянованын иниси Улан атып өлтүрүлгөн.

    “Болуп жаткан окуялар ЖК депутаты Аида Салянованын өмүрү коркунучта экенин далилдеп жатат”, — деди Жумаков.

    Депутат Аида Салянова. Архив

    Адвокат Улан Жумаков: Аида Салянованын өмүрү коркунучта

    Улан Саляновду дүйшөмбү күнү өз үйүнөн атып кетишти
    Дагы
  • 09:26

    Улан Салянов деген ким эле?

    Мурунку башкы прокурор Аида Салянованын экс-адвокаты Улан Жумаков анын иниси тууралуу айтып берди.

    “Унаалардын ремонту менен алектенчү. Өзү менен өзү эле. Колдору дайыма кара май же боек болуп жүргөнүн көрөр элек. Динге берилген киши болчу, жубайы да намаз окучу. Эки кичинекей баласы калды. Үйүнүн курулушу бүтө элек эле”, — деди Жумаков.

    Ал Улан Саляновдун саясаттан алыс болгонун белгиледи. 


    Дом в новостройке Кок-Жар города Бишкек, где неизвестные застрелили Улана Салянова
    © Sputnik / Бактияр Бердибеков
    Дом в новостройке Кок-Жар города Бишкек, где неизвестные застрелили Улана Салянова
    © Фото / Бактияр Бердибеков
    Дом в новостройке Кок-Жар города Бишкек, где неизвестные застрелили Улана Салянова
    © Фото / Бактияр Бердибеков
    Аида Салянованын архивдик сүрөтү

    Улан Салянов деген ким эле?

    Дүйшөмбүгө караган түнү Улан Салянов өз үйүнөн атылган
    Дагы
  • 08:59

    Буга чейинки Улан Саляновдун баласы уурдалган деген маалымат такталбаганын ЖК депутаты Наталья Никитенко айтып берди. 

    Эл өкүлү көкүрөк тушка ок жегенин белгиледи.

  • 08:57
    Аида Салянованын архивдик сүрөтү

    Аида Салянованын инисин атып кетишти

    42 жаштагы Улан Саляновду Бишкекте атып кетишти
    Дагы
Тема:
Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү (22)
Белгилер:
ок атуу, Аида Салянова, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ