БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Түркиянын Анталья шаарынын Аланья аймагында эки полиция чачынан сүйрөп, таяк менен сабады деген аял кыргызстандык экени аныкталганын Haberler сайты жазып чыкты.
Полициянын аялды сабап жаткан видеосу социалдык тармакка чыгып кеткен. Андан улам Аланьянын полиция башкармалыгы кызматкерлерине карата териштирүү иштерин баштаган.
Маалыматка ылайык, 40 жаштагы аял Аланья аймагына 21-июнда келген.
"Р.А. аттуу аял кечинде көчөгө чыгып, элге тынчтык бербегенинен полиция келген. Ал эскертүүгө көңүл бурбай жерден турбай койгондуктан полиция акыркы чараларды көргөн", — деп айтылат маалыматта.
Аланьянын полиция башкармалыгынын жетекчиси Хашим Чакмаклынын айтымында, укук коргоо органдарынын опузасына кабылган аял Газипаша аймагында табылып, Аланьяга алып келинген. Ал ошондой эле аял психологиялык жактан жабыркашы мүмкүндүгүн кошумчалаган.
Кармалган аял Түркиядан чыгарылат, учурда тийиштүү аракеттер көрүлүүдө.