БИШКЕК, 27-cен. — Sputnik. Сары-Челекте израилдик кыз жоголуп изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Израиль мамлекетинин 22 жаштагы жараны үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында Аксы районуна караштуу Сары-Челек коругунда дайынсыз кеткен. Министрликке маалымат 26-сентябрь күнү түшкөн.
ӨКМдин 10 куткаруучусу издөө иштерин жүргүзүп, кызды таба алышкан эмес. Издөө иштери бүгүн да улантылат.