БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү пунктунан чоочун паспорт менен өтүүгө аракет кылган 26 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, окуя 21-сентябрда болгон.
"Ал өзүнүн паспортун жоготуп жибергендиктен досунун паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылган", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган жаран Казакстанга иш издеп барганын айткан.
Тийиштүү документтер толтурулган соң, ал ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.