БАТКЕН, 19-сен. — Sputnik. Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Кичи Айдаркен айылында түн ичинде 32 жаштагы аялдын үйүнө кирип барып, аны уруп, муунтуп кеткен киши изделип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.
Анын айтымында, издөөгө алынган 45 жаштагы киши психикалык жактан жабыркап келет. Ал Баткен районундагы Таян айылынын жашоочусу.
"14-июлда үйүнөн качып кеткен боюнча дайынсыз эле. Жакындары арыз менен милицияга кайрылган. Ал эми айыл тургунун 9-сентябрда муунтуп кеткен. Мындан сырткары, ар кимдин үйүнө кирип тамак-ашын жеп кетип жатат", — деди Юсупова.
Маалыматта учурда качып жүргөн киши изделип жатканы, ага айыл тургундары да тартылганы айтылат.