БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы жарнамалык маалыматтарды чыгаруу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, ишкана жарнак кызматы үчүн 2 миллион 370 миң 400 сом сарптоого даяр.
Тендер 9-сентябрда жарыяланып, мөөнөтү 18-сентябрда аяктайт.