БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кечээ, 7-сентябрь күнү жумушчу сапары менен Нарын облусуна барганын президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ал эми бүгүн Нарын шаарында "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020 " программасынын алкагында курулчу көп кабаттуу үйдүн капсуласын салууга катышат.
"Ошондой эле президент Кочкор районундагы Чекилдек айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине баш багат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, Атамбаев Нарын облусунун эли менен жолугушуп, пикир алышары кошумчаланды.