Андрей Стенин атындагы сынак жеңүүчүлөрдүн атын атады

© Фото / Алехандро Мартинес Велес / StenincontestПобедители Международного конкурса фотожурналистики имени Андрея Стенина 2017 года
Победители Международного конкурса фотожурналистики имени Андрея Стенина 2017 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фото кабарчылардын сынагына 76 мамлекеттен 5000дей сүрөт келип түшкөн

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. "Россия сегодня" маалымат агенттиги тарабынан уюштурулуп, ЮНЕСКОнун Россиядагы комиссиясынын колдоосу менен өткөрүлүп жаткан Андрей Стенин атындагы фото журналистика сынагынын жыйынтыктары чыгарылды. 

Ага ылайык, баш байгени жана "Башкы жаңылыктар. Серия" номинациясында биринчи орунду испаниялык Алехандро Мартинес Велес (Alejandro Martinez Velez) жеңип алды. Алехандрого баш байгени "Белгарддагы качкындар" деп аталган эмгеги алып келди.

© Фото / Алехандро Мартинес Велес | Stenincontest"Белгарддагы качкындар". Испаниялык фотограф Алехандро Мартинес Велесанын эмгеги
Белгарддагы качкындар. Испаниялык фотограф Алехандро Мартинес Велесанын эмгеги - Sputnik Кыргызстан
1/5
"Белгарддагы качкындар". Испаниялык фотограф Алехандро Мартинес Велесанын эмгеги
© Фото / Фандулвази Джайкло | Stenincontest"Грабу шаарындагы каршылык". ЮАРдык фотограф Фандулвази Жайклонун эмгеги
Грабу шаарындагы каршылык. ЮАРдык фотограф Фандулвази Жайклонун эмгеги - Sputnik Кыргызстан
2/5
"Грабу шаарындагы каршылык". ЮАРдык фотограф Фандулвази Жайклонун эмгеги
© Фото / Елена Янкович | Stenincontest"Менин планетам. Жалгыз сүрөт" номинациясында биринчи орунду сербиялык Елена Янкович алды
Менин планетам. Жалгыз сүрөт номинациясында биринчи орунду сербиялык Елена Янкович алды - Sputnik Кыргызстан
3/5
"Менин планетам. Жалгыз сүрөт" номинациясында биринчи орунду сербиялык Елена Янкович алды
© Фото / Данило Гарсиа Ди Мео | StenincontestИталиялык Данило Гарсиа Ди Меонун эмгеги
Италиялык Данило Гарсиа Ди Меонун эмгеги - Sputnik Кыргызстан
4/5
Италиялык Данило Гарсиа Ди Меонун эмгеги
© Фото / Валентин Егоршин | StenincontestРоссиялык Валентина Егоршинанын эмгеги
Россиялык Валентина Егоршинанын эмгеги - Sputnik Кыргызстан
5/5
Россиялык Валентина Егоршинанын эмгеги
1/5
"Белгарддагы качкындар". Испаниялык фотограф Алехандро Мартинес Велесанын эмгеги
2/5
"Грабу шаарындагы каршылык". ЮАРдык фотограф Фандулвази Жайклонун эмгеги
3/5
"Менин планетам. Жалгыз сүрөт" номинациясында биринчи орунду сербиялык Елена Янкович алды
4/5
Италиялык Данило Гарсиа Ди Меонун эмгеги
5/5
Россиялык Валентина Егоршинанын эмгеги

Испаниялык журналист менен биргеликте жогорку сыйлыктарга дүйнө жүзүнөн келген жаш тажрыйбалуу фотографтар татыды. Алардын катарында ЮАРдан келген Фандулвази Джайклонун (Phandulwazi Jikelo) "Грабу шаарындагы каршылык" сүрөтү "Башкы жаңылыктар. Жалгыз эмгек" номинациясында биринчини алды, сербиялык Елена Янкович (Jelena Jankovic) "Селфи маданияты" аталышындагы сүрөтү менен калыстардын көңүлүн алган ("Менин планетам. Жалгыз эмгек". 1-орун), италиялык Данило Гарсиа Ди Мео (Danilo Garcia Di Meo) "Эмне?" деген сүрөтү менен таанылды ("Портрет. Биздин замандын баатыры. Серия" номинациясында 1-орун), ал эми россиялык Валентин Егоршин "Өткөн чактагы жүз" деген эмгеги менен байгеге ээ болду ("Портрет. Биздин замандын баатыры. Жалгыз эмгек" номинациясында 1-орун).

Сыйлык тапшыруу аземинде "Россия сегодня" маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев "Бүгүнкү күн биз үчүн маанилүү. Жыл сайын күз айынын башталышында Украинада кызматын аткарып жатып каза болгон "Россия сегодня" маалымат агенттигинин фото кабарчысын эскеребиз. Анын жаркын элесине арнап жаш фотографтардын конкурсун анын атынан койгонбуз. Бүгүн Стениндин арты менен дүйнө жүзүнөн келген фото кабарчылар сүрөт аркылуу аларды кыжаалат кылган көрүнүштөр тууралуу айтып берип жатышат" деп билдирген.

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү"Россия сегодня" маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев жеңүүчүлөрдү куттуктады
Награждение победителей конкурса фотожурналистики им. А. Стенина - Sputnik Кыргызстан
"Россия сегодня" маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев жеңүүчүлөрдү куттуктады

Сынактын жеңүүчүлөрү жана алардын эмгектери тууралуу толук маалыматты stenincontest.ru сайтынын "Победители —2017" бөлүмүнөн таба аласыздар.

Сынак тууралуу маалымат

Конкурс 18 жаштан 33 жашка чейинки катышуучулар үчүн ачык жана анын максаты сүрөтчүлөрдүн кесиптик чеберчиликке умтулуусун колдоо болуп эсептелет.

Работа фотожурналиста Sputnik Кыргызстан Табылды Кадырбекова Продавщица сладкой ваты - Sputnik Кыргызстан
Жамбилхан апа: таттуу кебезим өтпөй маанай чөгүп турганда сүрөтчү чырк эттирип алган
"Россия сегодня" ЭМА демилгелеген Андрей Стенин атындагы эл аралык фото журналистика конкурсу коомдун көңүлүн фото журналистиканын иш милдеттерине буруп жана жаш сүрөтчүлөрдү колдоону көздөйт. Конкурстун алкагында дүйнөлүк сүрөт коомчулугунун өкүлдөрүнө фото журналистикадагы жаңы ысымдарды таап таанышуу, колдоо жана анын жогорку стандарттарын калыптандыруу, Россияда жана жалпы эле дүйнө жүзүндө даректүү сүрөттүн сапаттык көрсөткүчтөрүн түзүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Былтыр ага 71 мамлекеттен 6 миңден ашык эмгек жиберилген. Жеңүүчүлөрдүн сүрөттөрү Москва, Стамбул, Кейптаун, Шанхай, Пекин, Каир, Берлин, Рим, Марибор жана Люблян шаарларындагы сүрөт көргөзмөлөргө коюлган.

2017-жылы сынактын өнөктөштөрү Al Mayadeen TV, Shanghai United Media Group (SUMG), МККК, "Россия-Культура" телеканалдары, Вести.Ru, KP.ru, ЖурДом, Russian Photo порталдары, Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосу, Askanews, Notimex, ANA, Xinhua, The Royal Photographic Society, Shanghai United Media Group (SUMG), ANDES маалымат агенттиктери, Independent Media медиахолдинги, RT телеканалы жана порталы өнөктөштөрү болду.

Ал эми сынакты тармактык өнөктөш карата Сүрөттөр академиясы, ГеоФото агенттиктери, Photo-study.ru, YOung JOurnalists, PhotoVisa порталдары, Bleek Magazine онлайн журналы, Москванын журналисттер биримдиги, Визуалдык искусство мектеби, Россия сүрөтчүлөр союзу жана "Фотопарад в Угличе" фестивалы колдоого алышты.

Победители Международного конкурса фотожурналистики имени Андрея Стенина 2017 года - Sputnik Кыргызстан
Көргөнгө татыйт! Стенин атындагы сынактагы эң мыкты эмгектер
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттик кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталына, радиого жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борборуна ээ. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы орунда турат.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik агенттиги маалыматтарды 30дан ашык тилде таратат. Андан сырткары аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактарда баракчалар бар. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан, кытай жана башка ондогон тилдерде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0