Иш-чарада кийизден жасалган буюмдар жана улуттук тамак-аш тартууланган
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Кореядагы элчилиги кыргыз диаспорасы жана студенттердин колдоосу менен Seoul Friendship Fair-2017 эл аралык фестивалга катышканын ТИМден кабарлашты.
Фестивалда кыргыз тарапка эки палатка берилген. Алардын биринде студенттер улуттук тамак-ашты тартуулашты.
Фестивалда кыргыз тарапка эки палатка берилген. Алардын биринде студенттер улуттук тамак-ашты тартуулашты.
"Палатканын алдына эл жык-жыйма болуп толуп калды. Кой этинен жасалган шишкебек келген конокторго өзгөчө жакты", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми экинчи палаткада кийизден жасалган улуттук буюмдар көрсөтүлгөн. Иш-чаранын катышуучулары кыргыз элинин маданиятына суктанып, өлкөгө келүү ниеттери пайда болгонун билдиришкен.