БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Баткенде Hyundai Porter унаасы менен баңгизат алып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Унаадан Кыргызстандан транзит менен КМШ өлкөлөрү үчүн делген 29 килограмм афган чарсы (баңгизаттын бир түрү) табылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (банги каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда бул ишке тиешеси барларды жана уюштуруучуларды издөө иштери жүрүп жатат.